www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту жол кырсыкка катышкан ыкчам реакция жасоо тобунун унаасын башкарган айдоочуну СИЗО-1 мекемесине бир айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 26-июнда Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы О.М. башкарган «Хонда Одиссей» унаасы ырчы Асел Кадырбекованын «Тойота Камри» унаасы менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Кадырбекова жана «Хонданын» айдоочусу жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ыкчам реакция жасоо тобунун унаасындагы дагы бир жигит — 1994-жылы төрөлгөн К.О. Улуттук госпиталга жаткырылган.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн палатасынын жанына конвой коюлду. Жол кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости