www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан дагы бир медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

"30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген", - деди Аширбаев.

Жалпысынан коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан. Кайтыш болгон дарыгерлердин саны үчкө жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости