www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асел Кодураңованын камактагы мөөнөтү узартылды

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодураңова 2020-жылдын 9-апрелине чейин үй камагында болот. Үй камактагы мөөнөттү узартуу чечимин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-февралдагы отурумда кабыл алды.

Каралып жаткан кылмыш иш Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуяларга байланыштуу.

Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча парламенттин депутаттары Асел Кодураңова менен Ирина Карамушкина дагы суракка чакыртылган. Андагы барымтага алуу жана башаламандык боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов баш болгон бир нече адам кармалып, камакка алынган.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке социал-демократиялык партиядан депутат болгон Асел Кодураңова 2017-жылдын 1-ноябрында вице-спикер болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости