www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«КТ Мобайл» компаниясынын жетекчиси алмашты

«Кыргызтелеком» ААК компаниясынын башкаруучулугунун чечими менен 2020-жылдын 29-январында Мирлан Кубаталиев «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, компаниянын башчысы Мураталы Жакыпов берген арызына ылайык өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

Кубаталиев мурда аталган компаниянын коммерциялык департаментинин башчысы болуп иштеп келген.

Эске сала кетсек, Улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы — «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, ошондо эле уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган.

Жакыпов Мураталы аталган компаниянын жетекчи кызматын 2019-жылдын 10-июнунан бери аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости