www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери россиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Жыйында белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары таанып, бир катар өлкөлөр Кытай менен аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бардык алдын алуу чараларын так ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү. Ал ошондой эле бул маселе Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турарын белгиледи. 

Премьер-министр коронавирустун кириши жана жайылышы боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча биринчи кезектеги аракеттердин планы тууралуу эскертти. Өкмөт башчы баса белгилегендей, планга ылайык министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү бийлик органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу санитардык-карантиндик пункттардагы көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чараларды кабыл алууга тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана коргоочу жеке каражаттардын (бет каптар), вируска каршы дары-дармектердин баасынын жогорулашын, аларды кымбаттаган наркта кайра сатууну алдын алуу үчүн мониторинг жүргүзүү керектигин дагы бир жолу эске салды. 

«Биз коронавирус инфекциясынан тез арылуу максатында кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча активдүү иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуулары зарыл», – деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын 18 жаранын эвакуациялаганы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдан атайын борт менен Казакстандын, Кыргызстандын, Армениянын жана Белоруссиянын жарандары эвакуацияланган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы бир катар, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жарандарга көзөмөл жүргүзүүгө тийиштүү так тапшырмаларды берди. 

Тышкы иштер министрлигине Кытай Эл Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөөнү улантуу, алардын укуктарын жана саламаттыгын коргоо үчүн зарыл көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости