www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик же муниципалдык дарыкана жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын мүчөсү Асел Куланбаева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө бардыгы 3 миң дарыкана, 304 дарыканалык кампа бар.
«Кыргызстанда бир дагы социалдык, мамлекеттик же муниципалдык дарыкана жок. Бардык фармацевтикалык рынок жеке секторго берилген.
Биз импорттон көз каранды өлкөбүз. Эгерде өзгөчө кырдаал жаралып, башка өлкөлөр дары-дармектерди алып чыгууга тыюу салса, мындай учурда бизде дары-дармексиз калуу коркунучу бар. Ал тургай, маанилүү дары-дармектердин тизмесинен дагы», - деп билдирди Куланбаева.
Ошондой эле, ал Кыргызстандагы фармацевтикалык рынок импорттон көз каранды экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg