www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамдын жаңы долбоору орус тилине которулууда

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун биринчи вариантын талкуулоо уланууда. Азыр акыркы баскычта талкуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 22-январда ЖМКлардын бирине билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз тилинде жазылган долбоор орусчага которулуп жатат. Аны сөзмө-сөз, маанисин шайкеш келтирүү менен которуу үчүн убакыт керек.

"Долбоор иштелип бүтөөрү менен парламентке жиберилет. Датасын азыр так айта албайбыз", - деди Бөрүбашев.

Эске салсак, Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккандан соң Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу демилгесин коюшу мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости