www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асем: "Бай чалды тандап алдым"

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Ысымым Асем. Мен 19 жаштамын. Учурда ЖОЖдордун биринде англис тилинде окуйм. Менин ата-энем каза болуп калган. Менден улуу 4 эжем бар. Алар ар кайсы областка турмушка чыгып кеткен. Ошентсе дагы менин татаал мүнөзүмө чыдап, эч нерседен кем кылбай улуу эжем апамдай болуп, баш көз болуп карап окутту. Мен Жалал-Абаддга окугум келбей борбор калаага окуйм деп көгөрүп туруп алдым.

Айласыздан жездем менен эжем айтканыма көнүп макул болушту. Чынын айтайын эжем мага канчалык күйсө да ал мага эч кызыкчылыгы жок. Мен ушундай мерезмин. Айтканым айткандай орундалыш керек.

Борборго келип көңүл ачкан жайлардын баарына бирден барып көрүүнү өзүмө максат кылып алдым.

Чоң адамдардын жашоосу мени көп кызыктырат. Эмнегедир мени баардыгы кичинекей кыздай кабыл алат. Эжем салган акчага курбу кыздарым менен сайрандап самандай сапырып көз ачып жумгуча түгөтөм. Ал мен үчүн көйгөй эмес. Ошондой күндөрдүн биринде ишенесиздерби мен чыныгы сүйүүмдү жолуктурдум. Ал адам менден кыйла эле улуу жашы 55 де. Бирок мага кылган камкордугу, өзгөчө мамилеси, башкаларга окшоп майдаланбаганы байлыгы мени арбап алды. Ал киши мага үй сатып берем,машина алып берем деген сөздөрү мага майдай жагат. Ал киши көп өтпөй менин колумду сурап эжемдердин алдына бараарын айтты. Мендеги бакытка чек жок эле..

Бирок эжекелериме айтсам чалкасынан кетип каршы болуп жатат. Мени баккан эжем "сенден жакшылык кайтпасын билгем, ата-энемдин алдындагы парзымды аткардым эми менин үйүмө келбе! Кайын журтума басып бердиң акмак!"- деп сөзүмдү акырына чейин укпастан телефонду коюп салды.

Бир туугандарымдын баарын чогултуп, бала кезимде жетпеген тилектериме сүйгөнүмдүн жардамы аркылуу жетип, эжелериме жакын болууну максат кылдым эле..

Көрсө баары турмушуна ыраазы болуп тагдырга баш ийип берген тура.

"Бала кезде мамыр-жумур жашай албадык сүйгөнүм чоң үй салып берсе келип турасыздарбы? Сиздерден мага канча жылдык мээрим жетишпегенин билесиздерби?"- деп ыйласам эч кимисинин уккусу жок.. 

Качандыр бир кезде мени түшүнүп, тандоомду сыйлап бир туугандарым менин күйөөмдү кабыл ала алабы? Ушул суроого жооп таба албай убарамын...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости