www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Актриса жана ырчы Асема Токтобекова өзүнүн Инстаграм баракчасына өлкөбүздө келечек жок деген пикирин жазып чыкты.
“Капамын… Жаза турган болсом, сизди да капа кыламын… Жаман нерселерге, эптемей жашоого да шүгүр кылсам, анда өзүм-өзүмө да капа боломун. Кыргызым өнүгүүгө аракетти качан баштайт экенбиз? Качан элди тонобой, өнүгүүгө салым кошот экенбиз? Качан элге жеткиликтүү билим берет экенбиз?
Жарышууга эмес, жерди, элди сатууга эмес, тургузулуп аткан үйлөрдүн жерин ижарага эмес, ии койчу өз жерибизди качан өнүктүрүүгө салым кошот экенбиз? Качан ошол күн келет? Сөзсүз эл кыйналып, сөзсүз чыр болуш керекпи? Чырдан эле өнүгөбүзбү? Маданият тарабындагы таланттууларды барктап алмайынча, сыйлыктарды сатууну токтотмоюнча, убагында мактап-жактап сыйлыгын бермейинче, маданияттын туу чокусунда турган кино жаатын көтөрмөйүнчө, кинолор тартылсын деп элдин акчасына камера алып берип, жарыбаган камераны ижарадан алмайынча Кыргызстан өнүкпөйт! Өтө өкүнүчтүү…
Бири аракет жасаса, экинчиси машинасын айдап баратып, какырыгын башканын унаасына түшүрөт болуп эле атабыз реалдуу көз караш менен.
Мен укмушмун дебейм, бирок, жолдо какырып-чимкирбейм, таштанды таштабаймын, чийбеймин-сийбеймин, мушташпаймын-чачташпаймын, уруп-согуп тонобоймун, адамды колдонбоймун да сатпаймын.
Кудайдын мындан артык кандай жазасы бар экен, көрөттүрбүз баарыбыз. Жаман көрсөңөр көргүлө, келечек бизде жок… Келечекти көрүп атабыз эмне болуп атканын…”, - деп Токтобекова жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg