www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Таласта коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкери тууралуу онлайн жыйында кененирээк маалымат берди.

"Талас облусунда бир топ убакыттан бери коронавирус чыкпай таза келе жаткан. Бирок эл кыймылда болуп, облуска кирип, чыккандар көп болгон. Жарандарыбыз ары-бери чыгып жатышат, ошондой эле мигранттар келишти дегендей. Биринчи вирус жуктурган дарыгер үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт. Лабораториялык анализ тапшырганда, андан вирус чыгып, ооруп калды.

Ал кызматкерден вирус анын жолдошуна жана бир коңшусуна жуккан. Бүгүнкү эки жаран ошол экөө. Азыр дарыгер байланышта болгон бардык жарандар текшерүүгө алынып жатат. Адистер иштеп жатышат. Кызматкер аз убакытта көп байланышта болгон. Бул деген өзүбүзгө өзүбүз чебердебей жатабыз дегендик. Мисалы, кызматкер жашаган жеринде 5, иштеген жеринде 17, жалпы 98 адам менен байланышта болгон. Ошондой эле вирус жуктуруп алган анын жолдошу дагы башка адамдар менен байланышта болгон. Алардан бүгүн анализ алынат. Мен дагы бир жолу жарандарыбызга кайрылам. Өзүңөрдү өзүңөр карап, илдетти жуктуруп албаганга аракет кылгыла. Тартипти катуу кармайлы", - деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости