www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин саясий катастрофасынын башаты, ал бийлик түбөлүктүү колумда деп жаңылганынан башталган. Кескелдирикке окшоп “кес, куйругуңду кес” деп, өзүн бийликке алып келип жакшылык кылган адамдардын бардыгына жамандык кылып келди. Атамбаевдин соратниктери болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн  Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев сыяктуулардын барынын тамтыракайын чыгарды. Булар эми соратниктери, ал эми атаандаш конкуренттерин да “кыл менен мууздаган”.

2010-жылы октябрда болгон парламенттик шайлоо Атамбаев күткөн жыйынтыкты берген эмес. Анын оюнча СДПК көп добуш топтоп көпчүлүк коалицияны түзмөк. Бул жарышта “Ата-Журт” партиясы, Атамбаевдин эсин эңги-деңги кылып биринчи келет да, коалиция түзүү үчүн президент Отунбаева СДПК, “Республика”, “Ата-Мекен” партиясын жүгүртөт. Бул үчөө тең парламенттен кулап калганда, кыргыз элинин ынтымагы үчүн Акматбек Келдибеков баш болгон “Ата-Журт” партиясы Атамбаевди сактап калат. Атамбаев сүйүнгөнүнөн: “Кыргыздын үч бутагы баш кошту. Акматбек оң канаттан, Өмүрбек (Бабанов) сол канаттан, мен ичкилик. Мен силердин жакшылыгыңарды өлөр өлгүчө унутпайм” –деп , ичинен “шолоктоп ыйлаган”. Арийне, жакшылыкты президент болор менен унутту. Президент болор менен ага жакшылык кылган  Акматбек Келдибековду Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кетирди. Кетирип тим болбой жалган жалааларды токуп, 2013-жылы ноябрда анын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Өзүнө тиешелүү маалымат каражаттарынан  кара боёк сыйпап, шыбатты, камады. Акматбек Келдибеков да, Алай эли да сынган жок,  2004-жылы июнда Алай эли бийликке каршы көтөрүлүп, Атамбаевдин тамагына тыгылган сөөк болду.

“Аш менен урганды, таш менен уруп” кыл менен мууздаган Атамбаев мурунку десант Келдибековдун үстүнөн шимшилеп бир нерсе таптыбы? Жок! Акматбек Келдибековду Соцфонддо төрага болуп турганда каталык кетирген деген айып коюшкан. Акматбек Келдибековго чейин пенсияны көлөш, гезиттер менен бере турган, ал келер менен пенсияны акча менен тараттырып, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, гумжардам бердирип турган. Алар деле калбай калышты, бирок Келдибековдун тушунда батасын берип, бапырап алышты.

Спикер кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып Москвада өкүлчүлүк ачкан деген айып коюлган. Бул Атамбаевдин ичине катып жүргөн ириңдерден окшойт. Анткени, бул документке президент Отунбаева кол коюп, Жогорку Кеңештин жыйынында депутатардын колдоосу менен өткөн.

Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда фракция жетекчиси Камчыбек Ташиев кызматынан алам деп добулбас урган. Атамбаев тиешелүү депутаттардын артынан чөгөлөп чуркаганы үчүн боору ооруп кетип Акматбек Келдибеков тим жүрө берсин деп койот. Боору ооруганды боорго тепкен Атамбаев президент болор менен аны ак жеринен күйгүзүп, жанча баштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости