www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Добуш үчүн акча тараткандар – элдин душманы!” Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, добуштарын саткандар эки эсе жарды болгон абалга кептелет.

“Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “чимкириктердин” уюгу болот”, – деди А.Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле элди оппозициялык партияларга добуш берүүгө чакырды. 

“Шайлоо алдында мектеп оңдоп, стадион кургандар бийликке келгенде короткон акчасын 4-5 эсеге көбөйтүп алышат. Ал эми добушун саткандар эки эсе жарды болушат. Ошондуктан “Бир Бол” сыяктуу оппозициялык партияларга добуш бериңиздер!” – деди А.Шыкмаматов.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадыровнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Последние новости