www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын “Эркин сөз” баракчасы Алмазбек Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

"Атамбаевдин командасындагы АШАнын эң ишенимдүү адамдарынын бири Албек Ибраимов. АШАнын президент маалында мурдагы 500миң тышкы мигранттардын саны 6 жыл ичинде 1 миллион адамдан ашкан. АША жана анын командасы өлкөгө келген кредиттердин 60-70 пайызын өздөрүнүн керектөөсүнө жумшап, хансарай, жер участкалары, кымбат баалуу машина, зер буюмдар ж.б көптөгөн мүлктөргө ээ болгон. Ал учурда карапайым эл айласын таппай, Россия, Казакстан, Түркия, Дубайга жумуш издеп, жан багуунун амалын көрүштү. Кудай жалгап булардын коррупциялык ишмердүүлүктөрү акырындап ачыкка чыгып, АШАнын бандиттик, коррупциялык командасы сот жоопкерчилигине тартылышты. Буга чейин Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүмү менен үй-мүлкү конфискацияланып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жакында ал өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан күчүнө калтырылды. Эми конфискацияланган мүлктөрүнө көз салалы. Булардын конфискациялана турган мүлктөрү бири-бири менен атаандашып, кимисиники көп кимисиники аз экендигин салыштырып отуруп, баш айланат. Бир убакта эле Албек Ибраимовдун аялына 147 жер участкасы катталган. Ал учурда жөнөкөй эл 3-4 сотых жерге жетпей, айласы кетип жүргөндүгүн ким жашыра алат???

КОНФИСКАЦИЯЛАНГАН МҮЛКҮ

Албек Ибраимовдун аялы Айнура Танкеевна Ибраимовага катталган Чүй облусундагы 147 жер участогу концискацияланды.

Ошондой эле:

 * 2014-жылы чыгарылган «Тойота-Рав4» машинасы

* «Мурас» дыйкан чарбасы

* Арашан айылындагы 3 дача

* «Уздар Трейд» ишканасы

* «Евразия сактык банкы» ЖЧКдагы уставдык капиталдын 9,98677 % үлүшү, жалпы суммасы 29 миллион 960 миң сом, (реестр кармоочусу «Реестр Сервис» ЖЧК жана Назира Аширахманова;

* «Евразия сактык банкы» ЖЧКдагы уставдык капиталдын 9,98677 % үлүшү, жалпы суммасы 29 миллион 960 миң сом, (реестр кармоочусу «Реестр Сервис» ЖЧК жана Кубанычбек Карагулов);

* «Калыс Ордодо» мектеп куруу боюнча Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев, Сейиткан Алиевден 94 млн 864 миң 180 сом өндүрүлөт.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү “Солнечный берег” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелген.

АША убагында бул коррупционер досторун кой-ай деп койгондун ордуна мылжыңдап, элдин жүзүнө түкүргөнсүп, ар кандай орден медалдар менен сыйлагандыгы эч акылга сыйбаган иш.

АШАнын командасы мамлекетти 6 жыл ичинде ушундай тоноп, чаңын чыгарган. Бул дагы АШАнын бир гана кан соргучунун мамлекетке тийген зыяны. Андайлар АШАнын командасында ондоп саналат".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости