www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сценарист, режиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алардын айтымында, 2 күн мурун ооруп ооруканага түшкөн. Тилекке каршы көз жумган.

Карагуловдун көз жумганы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз төмөнкүдөй билдирүү жазды.

"Акырындап көнө берет окшойбуз го... Дагы бир жамандык болуптур. Бакыт Карагулов агабыз өтүп кетти деген суук кабар уктум. Эх Баке. Жаркылдаган киши элеңиз, сиз менен баарлашып олтуруу бир керемет эле. Кайсы тема болбосун каалагандай калчап берер элеңиз. Тамашаңыз элде жок, чукугандай сөз таап, бирок сиздин тамашаңыз эч кимди таарынтпас эле. Мен сизге дайыма суктанчумун. Сиздин учкул сөздөрүңүздү жаттап алып, башкаларга айтып берип жатканда баары бир сиздей айта албасымды сезип турчумун. Сиз тарткан “Бороондуу бекет” дагы канчалаган чыгармаларыңыз калды артыңызда. Эркелеп доор сүрдүңүз. Наркы дүйнөдө да Кудайым сизди өз кучагына алсын", - деген ал.

Ал эми Ассоль Молдокматова режиссёр коронавирус илдетинен улам көз жумду деген билдирүүсүн жазган. Бул боюнча министрликтен: "Азырынча бизге өлүмүнүн себеби маалым эмес", - деп билдиришти.

Бакыт Карагулов 1950-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1973-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Андан кийин Москва шаарындагы Киноакадемияда билим алган. «Айдагы жез кемпир», «Бороондуу бекет», «Саманчынын жолу», «Найман эненин көз жашы» жана башка фильмдерди тарткан.

NazarNews маалымат агенттиги Бакыт Карагуловдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көнүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости