www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкүнүн “бузукусубу”? Цивилдүү нормадан сыртта жүргөн адам Азыр Саясый атаандаштардын, оппоненттердин акылэстүү болбосо да адекваттуулугун тилей турган заман. Анткени, акылдуу адам бирөөгө эрегишсе, өчөшсө, жамандык кылгысы келсе да дайыма адеп-ахлактык нормаларды карманат, андан чыгып кетсе, өзүнүн абийирин өзү кетирерин түшүнөт. Адекваттуу адам кээде нормалардан чыгып кетиши мүмкүн, бирок аны адатка, нормага айландырбайт. Ал эми адекваттуу эмес адам үчүн дайыма адеп-ахлактык, маданий нормалардан сырткары жүрүү - норма.
Демократия, революция дегендер селдей нерсе экен, селдерде акыр-чикирлер, таштандылар биринчи калкып чыкса, коомдук пикир иштебеген жапайы демократия мезгилинде адекваттуу эмес адамдардын ооматтары келип, андай саясатчылардын өзүнчө тиби, тобу пайда болот экен. Анын классикалык үлгүсү катарында - экс-президент Алмаз Атамбаевдин “феноменин” көрсөтүүгө болот. Бул адам элибиздин каада-салттарын, адеп-ахлактык нормаларын, руханий дөөлөттөрүн тебелеп, акыркы чейрек кылымдан бери оюна келгендерди кылып, оозуна келгендерди оттоп эле келатат.
Убагында Чыңгыз Айтматовду жаш баладай алдап байыган, бирок анын дарегине бир ооз жакшы сөз айтпады, тескерисинче, кээде ага “бир эл жазуучусу...” деп кыйыр түрдө акаарат келтирип калат. Манас бабабызды бандитке теңеди эле, ага эч ким адекваттуу жооп бере албады. ЫсыкКөлдүктөрдү, Нарындыктарды, Таластыктарды эмне деп шылдыңдагандыгын жакшы билебиз. Өлкөнүн айрым аймактарындагыларга “бөлүнүп кетсин, бөлүнүп кеткиле...” деген сөздөрдү айтканда эч ким унчукпады.
Улуттук филармониянын төрүндө отуруп алып, өздөрүн өлкөнүн каймагыбыз деп эсептешкен эркек-ургаачылар аралашкан бир жарым миң адамга көчүк жөнүндө икая айтып, анан “ар ким өз көчүгүн эмне кыларды өзү билет да” деп арсалаңдаганда да ошерде отургандар жер тиктей мылжыйышкандан башкага жарашпаган. Атаандаштарын оозго алгыс нерселерге теңеп, ажаан аялдар да айтпай турган сөздөр менен каргап-шилегендери жөнүндө айтпай эле коёлу.
Цивилдүү, өзүн сыйлаган өлкөлөрдө эбак эле чоң саясат түгүл катардагы мамлекеттик кызматтан да айдалып жөнөтүлө турган адам бизди алты жыл түз башкарганы аз келгенсип, 2040-жылга чейин аталык болуп алып, көшөгө артынан башкарууну болжогону ишке ашпай калгандан бери адекваттуу эмес кыял жоруктары мурдагыдан да күчөп баратат. Мындан чыкты АШАнын саясаты кейбириадага айланабы? АШАнын аргументтери күндөштүкүнө окшоп баратат Экс-президенттин – өзүнүн Базар-Коргондо мас болуп алып бир саат дөөдүрөгөнүндөй.
Улуттук филармонияда калжың сөздөрдү айтып, ал жердеги кыз-келиндердин бардыгына тийишкениндей, же эң чоң үстөктүү кредиттерди инвестиция деп тантыраганындай, табакташтары менен кредиттерден ондогон миллиондогон долларларды өөнөп алып, ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болуп, тергеп-тескөө органдары көзүнө сайып көрсөтүп турса да жанын жеп танып, жалгандарды айтып жатканындай, адеп-ахлакка сыйбаган адаттан тышкаркы, улуттук кызыкчылыктарга доо кетирген окуядай көбүртүп, аны да аракеттеги президентке шылтап жаткандыгы - АШАнын дагы адекваттуу эмес абалына түшүп, саясый маданияттын, адеп-ахлактык норманын чектеринен биротоло чыгып кеткендигин айгинелейт. Атамбаев кайрадан кыргыз элин мазактады.
Ооба, АША Кыргызстанды 2040-жылга чейин башкарып, майлуу-сүттүү жерлердин, инвестициялык, кредиттик булактардын баарын көзөмөлдөп, алардын бир бөлүгүн өзүнө буруп турарына бекем ишенген. Кыргызстандын бактысы бар экен, аракеттеги президент анын кландык криминалдык дилетанттык башкаруусуна чек койду. Эми ал канча издесе да С.Жээнбековдон, анын айланасындагылардан эч нерсе таппагандан кийин тил боюнча экзамен алгычтан бетер айрым сөздөрүнө, дикцияларына асылганга өтүп, аны мазактаганы анын биротоло майдаланып кеткендигин көрсөтөт. Айрым лидерлер башка тилде И.Сталин сыяктуу акцент менен сүйлөйт, В.Лениндей бир тамгага тили жакшы келбегендер да болот, андайлар бизде деле бар.
СССРдин тышкы иштер министри Э.Шеварднадзе орусча эркин сүйлөй алган эмес. КМШда андай жетекчилер азыр деле бар. Бирок, улуттук жетекчилердин насил-нарктары, дүйнөдөгү ордулары кандай сүйлөгөндөрүнө эмес, кандай иштегендерине, аркаларында эмнелерди калтыргандарына карата бааланат. КМШда А.Акаевдей кооз сүйлөгөн президент жок болчу, анын артында эл чарбасы, социалдык чөйрөсү кыйраган өлкө калды. Совхоздун директорлугунан мамлекет башчылыгына секирген А.Лукашенко Белоруссияны гүлдөгөн өлкөгө айландырды. Колхоз башкармасынан түз облустун жетекчиси, ал жерде бир ай иштебей, мамлекеттин башчысы болгон Э.Рахмон улуттун куткаруучусу деген наамга арзыды.
Аракеттеги президент бир сөзүнөн жаңылып, башкача айтып жиберсе аны “колхоз” деп мазактап, деградациянын эң төмөнкү чегине жакындап калганын айгинелесе, экинчиден, Кыргызстандын жалпы элин мазактагандык болуп саналат. Анткени, баарыбыз эле колхоздордон чыкканбыз, элдин 70 пайызга жакыны дагы деле айыл жерлеринде жашайт. Анан С.Жээнбеков кокусунан бийликке келип калгандардан эмес, ал 3 жолу ЖКга депутат болуп шайланган, вице-спикер, министр, 7 жыл губернатор, премьер-министр болуп иштеген. АША 7-апрелде “Форумда” сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңешти дагы чимкирикке теңеп, депутаттарды чимкиригиңерди аарчып алгыла деп кыйкырды.
Акыркы убактарда оозуна келгенди оттогону аз келгенсип, сүйлөсө эле “мен эч кимден коркпоймун, мен керек болсо өлгөнгө да даярмын”- дегенди адатка айландырып алды. 7-апрелде андай сөздөрдү 3-4 жолу кайталады. Деги аны ким коркутууда? Ким аны өл деп жатат? АША убагында Н.Назарбаевди мазактаганда азыркы президент Касым-Жоомарт Токаев: “Викилис опубликовано сообшение посла США Янга со ссылкой на данные турецких докторов о психическом заболеваниии Атамбаева и его пристрастии к алкоголю, что усуглубляет параною. Тогда все становится понятным, остается пожалеть ему выздоровления”- деп жооп берген. Тилекке каршы, экс-президенттин адекваттуу эместигинин себептеринин баары ушунда окшойт. Андыктан ыйман, кудай деп сүйлөбөй эле койсо.
Булак: “Майдан.kg”