www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асылбек Жээнбеков өзүнүн оппозицияга кеткен партиядан чыкканын кабарлады. Элдин баарына көрсөтүп жасаган бул жоругу эми түшүнүктүү дечи. Президенттин иниси мынчалыкка баргандан кийин ошол партиядан алган мандатын да тапшырып кетсе, андан бетер мырзалык иш жасаган болоор эле. Бирок андай кыла турган түрү жоктой... Асылбек мырза ошентип кол жолун бошотуп алды. Эмне үчүн? Кыязы, биринчи максаты - алдыда келе жаткан парламенттик шайлоо болсо керек. Мыйзам боюнча президенттин бир да партияга мүчө болууга укугу жок. Өзү шайланган партияда президент мүчөлүгүн токтотот. Жаңы «президенттик» партияны болсо ачык колдоп чыгуу оңой иш эмес. Шайлоочуларга «туура тандоо» жасаганын кантип көргөзүшү керек? Муну тууганын оштап курап, атын чыгаруу керек), ал тандалаары менен ал партияга жөнөтүү менен гана кылса болот эмеспи. Мындай партия азырынча тандала элек (түзүлө элек, же партиялык долбоорду нөлдөн башанын лидерлигине Асылбек Жээнбеков жөнөтүлөт. Бул гана эмес. Сооронбай Жээнбековдун бийликте турганына бир жарым жыл болду. Бул мезгил ичинде жасаган иши - Атамбаев менен кармашуу гана болду. Кандайдыр бир ири ийгиликтерди жарата алган жок. Бийлик бул жылды да оппозиция менен күрөшүп өткөрүүгө даяр. 2020-жыл парламенттиктен шайлоо менен өтүп кетет. Бул чечкиндүү реформаларды жасай турган мезгил эмес экени анык. Андан ары жаңы президенттик шайлоо да келип калат...
Жогорку Кеңеш экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү мыйзамды кабылдаган соң, Сооронбай Жээнбековдун бийликти кимге болбосун кармата бербеси түшүнүктүү болууда. Кландын мүчөсү болбогон татыктуу мураскерди «нөлдөн» тарта тарбиялап өстүрүүгө ага менталитет жол бербейт. Конституцияны өзгөртүп, экинчи мөөнөттү киргизеби? Антейин десе, бүт коомчулук каршы турат. Канчалык кошоматчы, жүүнү бош болбосун, буга саясатчылардын деле басымдуу бөлүгү каршы чыгат, анте албаса - өзүлөрүн саясый өлүккө айлантканы. 2020 -жылы Конституцияны референдумдун жардамы менен эмес, парламентте добуш берүү менен өзгөртүүгө мыйзамдуу мүмкүнчүлүк жаралат. Бирок бул да көйгөй жаратат. Эмне кылуу керек? Жээнбековго абдан берилген премьер-министр Абылгазиев, жетекчи катары чабалдыгынан улам мураскер боло албайт. Ал президенттикти бери кой, жок дегенде, Жогорку Кеңештин алдында өкмөттүн иши үчүн тыңыраак отчёт берип алсынчы адегенде! Айтор, бир гана жол калат. Бир тууган иниси парламенттик партиянын лидерлигинен президенттин креслосуна барып отурушу керек! Формалдуу жактан алганда, эч нерсе бузулбайт. Асылбек болсо али жаш, саясый тажрыйбасы да бар. Андыктан, кытайлар айткандай, эч нерсени өзгөртпөй туруп, баарын өзгөрткөнгө жетишсе болот. Бирок мында бир гана суроо калат: бир кландын үстөмдүгүнө кыргыз эли моюн сунуп, туруп берер бекен? Анткени бийликти буга чейин мурас кылып өткөрүп беребиз дегендердин аракетинен майнап чыккан эмес. Жекшенбек АБДЫСАТАРОВ, Багыт.kg