www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Мамбетжунус агай, сырта жүргөн Ө.Бабановдун кечээ НТС телеканалына маеги чыкты. Кандай пикиридесиз?
--Ооба, көрдүм.
--Бабановдун маеги туралуу Сиздин пикириңизди билсек...
--Сыртта жүргөн адам өзүнүн элин, жерин сагынаарын ал эми түшүнүптүр. Мен өзүм он жылга жакын сыртта жашаган адам катары анын элин-жерин сагынып жүргөнүнө ишенем.
--Ал айтып жатпайбы, мен 1,5 жыл сырта жүргөн учурда көп нерсени түшүндүм деп. Сиз кандай дейсиз?
--Анын айткандарын угуп менде андай пикир жаралган жок.
-- Чечмелеп бере аласызбы?
--Мен аны акылдуу саясатчы деп жүрдүм эле. Бирок ал андай эмес экен. Эгер Кыргызстанга келгиси келип жатса, чү дегенде ал С.Жээнбековдон ачык кечирим сураш керек да.
--Эмне үчүн?
--Себебин түшүндүрөйүн. Тележурналист ага эскертип жатпайбы, С.Жээнбеков «коррупция менен күрөштү мен сенден баштайм» деди эле го. Эгер Сиз Кыргызстанга келсеңиз камакка түшуп калбайсызбы?, деп. Бирок ал тележурналист С.Жээнбеков эмне үчүн минтип ачууланган себебин андан сураган жок да. Шайлоо учурунда ал экөөнүн теледебатын Сиз деле көрсөңүз керек. Эгер көрбөсөңүз айтып берейин, күмөн санасаңыз менин айткандарымды текшерип деле коюңуз.
Ал теледебатта «Лиглас» боюнча С.Жээнбековго биринчи Ө.Бабановдун өзү асылды го. Ошондо Бабановдун жалган каралап жатканына чыдабай, ага жооп катары, С.Жээнбеков «коррупция боюнча күрөштү өзүңдөн баштайм” деген да. “Лиглас” компаниясындагы коррупцияга С.Жээнбековдин такыр тийешеси жок экенин элдин баары эле билет . Ал өз атаандашын жалган эле каралап салганы үчүн, чү дегенде андан кечирим сурап, анан андан адилеттүүлүктү талап кылса туура болмок. Анын оордуна, «С.Жээнбеков менен А.Атамбаевдин араздашы өлкөгө пайда алып келбейт» деп ал элге дагы бир жалган маалыматты таратты. Эсиңиздерге сала кетейин, так ушул эле жалган сөздү 7-апрелдин алдында, Ө.Бабановдун апчеси Роза айым да, «Азаттыкка» берген өзүнүн интервьюсунда элге жайган. Чын-чынына келсек, бүгүнкү күнгө чейин С.Жээнбеков бир да жолу А.Атамбаев менен араздашкан жок да. Ал Атамбаевдин дөөдүрөгөн сөздөрүнүн бирине да жооп бербеди. С.Жээнбековго тийишип жаткан Атабаевдин өзү болуп жатпайбы. Калыс болуш керек, орустар айткандай, «причем тут С. Жээнбеков»? Көрүп турабыз, ал ар кандай “интригалардан” четте болуп, шайлоо учурунду өзүнүн элге берген убадасын ишке ашырсам деп күнү-түнү талбай аракет кылып жатат. Ошондуктан Атамбаев ажылдап жатканы үчүн С.Жээнбековдун өзүн кошо күнөөлөш, орустар айткандай, «это от лукавого».
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg