www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы кытайлар курган “Тянь-Шань керамик” деп аталган кафель чыгаруучу заводдо жакында адаттан тышкаркы окуя болду. Адаттан тышкаркысы бул: тыныгуу убагында жумушчу ордуларында (анткени, кытайлык жетекчилер ашканага барганга уруксат беришпейт экен) шам-шум кылып, курсактарын тойгузуп жаткан кыргыз жумушчулардын бирин  заводдун директору, Кытай жараны Чжо Дайсю келип сабап салган.

Аталган директордун мурда деле жок жерден кыйкым таап жумушчуларды бок ооз сөздөр менен сөгүп-тилдегени, кээде мас болуп келгени көндүм болуп калган экен. 26- июлда ал эч нерседен кыйкым тапбай, акырында “эмне үчүн тамакты туруп эмес, отуруп алып ичесиңер?” деп жаалданып, жанында турган бир жумушчуну көк ала кылып сабап салгандыктан, ал медициналык жардам сурап дарылоо мекемесине кайрылганы маалым болду.

Мусулман элдеринде туруп алып тамак ичкен эң чоң күнөөлөрдүн бири катарында эсептелет. Анткени, адам алдына келген тамакты сыйлап, буту-колун созбосо да жүйүртө отуруп, ага ыкласын буруп, шүгүрчүлүк кылып, анан ичүүсү керек. Демек, Чжо Дайсюнун “туруп алып тамак ичишиңер керек” деп жумушчуларды кысмактаганы- адамдын укугун тебелеп-тепсөө гана эмес, ислам динине да акараат келтирүү болуп саналат. Орустарда крепостнойлук убакта деле дыйкандардын, жумушчулардын түшкү эс алуусуна эч ким кийлигишкен эмес.

Күбөлөрдүн айтымдарында, директор мурдатан эле психикалык жактан адекваттуу эместиги, дайыма экс-президент Алмаз Атамбаев жакын досу экендигин айтып көп мактангандыгы менен айрымаланчу экен. Ооба, “Тянь-Шань керамик” заводуна АШАнын президент болуп турган убагында бир нече жолу баргандыгы чын. “Балыкчы-балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, ошондо чындап достошуп калуулары да ыктымал. Баса, АШАнын эки хан сарайына “Тянь-Шань керамик” чыгарган канча продукция сарпталды болду экен? Ошентсе да ал мыйзам алдында өз жазасын алып, сабалган кыргыз жаранынан кечирим суроосу керек! Кытайлык директор АША эмес башканын досу болсо да Кыргызстанга крепостнойлуктан катуу тартибин орното албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости