www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин азырынча жеке өздүк мамлекетибизде кытайлык ТВЕА компаниясын эч ким жакшы көрбөйт. Анын үстүнө анын шарттуу кыскартылышы дагы кастык болуп калды.  Эмнеге? Негизи эле биздин бою жапыс тышкы саясатчы Исаковдун «кооптуу» иштеринин тамыры тээ 2008-жылдарга барып такалат.  Туптуура 10 жыл мурун Исаков мына ушул кытайлык алдамчылар менен байланышка чыккан. Жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, кат алышуулар, андан кийин макулдашуунун жана «перспективалуу» иштеп чыгуулардын макулдашуусунун болжолдуу пакетин даярдоо, ушул сыяктуу «чуркамайларды» Исаков 2010-жылдын январында ийгиликтүү аяктаган.  Тактап айтсак, 2010-жылдын 15-январында Максим Бакиев жетектеген расмий делегация расмий визит менен Кытайга учкан. Бул сапардын жыйынтыгында «Датка-Кемин ЛЭП 500 кВ» куруу боюнча «Тибиан Электрик Компани» (ТВЕА) менен келишимге кол коюлат. Анын долбоордук баасы 342 млн доллар болот. Ошондой эле расмий Бишкек КЭРге Бишкек ТЭЦин реабилитациялоо жана модернизациялоого көмөк көрсөтүү боюнча сунуш айткан.  Анан андан көп өтпөй Бакиевдин режими кулайт. Бирок, Сапар Исаков көптөгөн миллиондук кытай кредитин Бишкек ТЭЦине багыттоо боюнча өзүнүн идеясын бышырууну уланта берет.  Бул идеясын ал Атамбаевдин убагында жүзөгө ашырат.

Кыргыз өкмөтү көптөн күткөн (С. Исаков күткөн) ТВЕА менен келишимге кол коет. Бирок, бул ирет кыргыз тарапка ТЭЦти модернизациялоо үчүн мурдагы макулдашылган 150 млн доллардан эки эседен көбүрөөк кредит берүү боюнча кеп жүрөт.  386 млн доллар – тараптар борбордук ТЭЦти оңдоого макулдашкан акыркы «кызыл» баа.  Жалпысынан «сүйлөшүүчү» С. Исаков өзү Кытай менен чек араны 40 жолу кесип өткөн. Маршруту эч өзгөрбөстөн дайыма Пекинге алып барып турган. Ал жактан түз эле «Тибиан Электрик Компани» компаниясынын башкы кеңсесине баруучу.  Ал жакка туруктуу каттап турган дагы бирөө Осмонбек Артыкбаев болгон. Ал алтургай ал жакка өзүнүн үй-бүлөсүн да алып барган.

Андан сырткары депутаттык делегациянын Кытайга көптөгөн сапар жасашканын да баарыбыз укканбыз.  Мунун баарын Сапар Исаков «башкарып» турган.  Баса, Пекинде бир нече жыл мурун киргизилген аэрокосмикалык илим жана өнөр жай Кытай корпорациясы иштеп чыккан «Коопсуз шаар» системасы менен да Исаков Максим Бакиев менен чогуу ЦАРИИнин «креативщиктери» менен Кытайга расмий визит жасаганда таанышкан.  Эми күчтүү кытайлык гигант менен жогорку мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн «оюндун» көңүл жубатууга болбой турган таасирлери тууралуу бир аз кеп кылалы.

Ачыгын айтканда, таасирлери өтө коркунучтуу.  Прецедент азыртадан эле бар. Коңшулаш Тажикстан Кытайга өзүнүн Мургаб районундагы жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы жеринин бир бөлүгүн берди.  Бул жерлерди Тажикстан өзүнүн Кытайдан алган тышкы карызын жоюу үчүн берди.  Ал эми Исаков биздин мамлекетти кандай карыздын чуңкуруна кептеп койду? 2018-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын алдындагы карызы 1,7 млрд долларды түздү. Убакыттын өтүшү менен бул сумма өсүп гана турат.  Биринчи кооптонто турган сигнал келди. Расмий Пекин эмитеден эле өзүнүн кызыкчылыгынын айлампасын чийип койду. Тактап айтсак, мамлекеттик карыздын ордуна төлөм катары жер алгылары келгенин билдирип турат.

Алар так, өтө түшүнүктүү, уятсыздык менен картадан чек арага жакын жайгашкан Алай жана Арпанын жайлоолорун сурап турат.  Ошентип коңшулаш Тажикстандан кийин эле биз дагы Кытайга өз жерибизди беребизби? Мынакей көптөгөн миллиондук кредиттер үчүн төлөм.  Ал эми Сапар Исаков муну ойлонуп деле койгон жок. Ал өзүнө өтө тынч жүргөн интеллигенттин бет кабын кийип алгандай болду. Кыязы, ал бет капты кытайдын супер-клейи менен чаптап алган окшойт. А чындыгында бул С. Исаков качкын Бакиевдин учурунан тарта эле такшалып калган көз боемочу, алдамчы. Ал үчүн Кыргызстандын келечеги түккө арзыбайт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости