www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго байланыштуу маселе депутаттар эс алуудан келгенде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахаб Нурбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал соңку жылдары Беларус мамлекети менен сууп калган мамиле жакшырып баратканын кошумчалады.

-Бизде Беларус менен көп келишимдер жок. Бакиевдер кеткенден кийин эле кээ бир маселелерде мамилелер жакшы болбой калган. Акыркы убакта алака жакшырып келе жатты эле. Эми Данияр Үсөнов чыкты. Сентябрда иш башталганда карайбыз, мындай маселени сөзсүз караш керек. Балким ошол жакта Кыргызстанда уурдаган акчасын салып жаткандыр. Аны карап көрүш керек.

Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганын, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына каршы кылмышы үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч бир жерде чыккан эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости