www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашмалтай бийлик эсине келеби, же оңкосунан сайылабы?

Жаңы бийликтин жаш фавориттеринин бири Дастан Дүйшөкеев. Ал медиа тармагында бир күн иштебей туруп премьер-министрдин басма сөз катчысы болгон.

Саясаттан кабары жок, же жазганды, же сүйлөгөндү билбеген немени «эми үйрөнүп кетээр» деп туура эле көргөнбүз. Д.Дүйшөкеев пресс-кызматтын ишин үйрөнгөнчө, эки жагын каранганча эле президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

АКИpress маалымат агенттигиндеги маалыматка караганда, бул жигит чет мамлекеттеги элчиликти мындай кой, Тышкы иштер министрлигинде кызматкер болуп бир күн да иштеген эмес.

«Мегакомдо», коомдук тамактануу тармагында, курулуш секторунда иштеп, кийин мугалим болуп жүргөн неме экен. Андан кийин Бактыбек Калмаматовго «оксфорд» болгон Жогорку Кеңеште депутатка жардамчы болуп иштептир.

Дипломатияда сары ооз балапан бул жигит анан президенттин тышкы саясатын кантип жүргүзөт?

«Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын кошо боёптур» дегендей кылып, жогорку кызматка дайындайт десе эле дайындай беришеби?

Лаборантын премьер-министр кылган А.Акаевдин, агрономду нефтебазага койгон К.Бакиевдин, шопурун төбөсүнө чыгарып алган А.Атамбаевдин кейиштүү тагдыры сабак болгон жокпу?

Тааныш-билишти, туугандарды деле мыйзамга тууралап, билимине, тажрыйбасына, кесипкөйлүүлүгүнө карап дайындашса боло бу доюрлар...

Булак: "Азия News" гезити

 

Последние новости