www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик же президенттик башкарууга өтүү мыйзамын карап, тезирээк элдин тандоосуна чыгарыш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал башкаруу системасын аныктоого багытталган мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитеттеринде каралбай жатканына нааразы болду.

"Конституцияны алып чыкса "өзүнүкүн алып чыкты" деп кыйкырдык, башканы айттык. Эми кандай башкаруу керектигин эл тандасын деген мыйзамга дагы сын айтып атабыз. Келгиле, анда комитеттин жыйынын да ушул залда өткөрөлү. Муну тездетип элге беришибиз керек. Бизге кандай башкаруу керектигин бир ууч топ эмес, жалпы эл тандасын деген сунуш болуп жатпайбы. Ошону элге алып чыгып берели да, ар кайсы жакка түртүп, кичинекей баланы атаңа бар, энеңе бар кылбай", — деди Ормонов.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп эл кандай башкарууну тандай турганын аныктап алууну сунуштаган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости