www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев абактан чыкпайт. Мындай пикирин "Эркиндик Медиа" маалымат агенттигине активист Урмат Акунов маек берип жатып билдирди.
“Кесе эле айтыш керек, Атамбаевге кандай мыйзамдар түзүлсө дагы абактан чыгарылбайт. Анткени бул кишинин үстүндө жалгыз эле Батукаевдин иши эмес, коррупция, шалаакылык, милициянын өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясы да бар. Ал эми Батукаевдин иши боюнча ал акталбайт. Себеби, баардык далилдердин баары көрсөтүлүп, угузулган”, -дейт Урмат Акунов.
Эске сала кетсек, 1-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 колониядан бошотулушу керектигин анын жактоочусу Сергей Слесарев айткан.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге карата козголгон бир дагы иш боюнча баш коргоо чарасы боюнча соттун чечими жок.
Булак: NazarNews.kg