www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашууларга кар жаап, оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду

Ушул тапта Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, жол тыгындарын алдын алуу максатында саат 21:00дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чек коюлду.

Ошол эле учурда жеңил унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Алыс жолго аттанган айдоочулар жолдун ачылышы тууралуу маалыматты "112" номеринен билсе болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости