www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уландысы

Тунгуч качкын президент Акаевдин «Автор Твга» берген маегиндеги калпы менен кылмыштары

Кумтөр алтын кени боюнча айтып жатканда, ойлойсуң, бул биздин Акаев дагы деле кыргыз элин чындап эле маңкурт деп ойлойбу же Кудайдын ыйык Рамазан айында, социалдык тармактарды гана окуган жаңы муундун кулагына адатынча дагы «тепкиси» келдиби айтоор калпты, чындай кылып жомоктотуп салды.

Жок дегенде «Кумтөр маселеси боюнча чыр бүтө элек, кезектеги комиссия иштеп жатат, мурдагы эчендеген комиссиянын жыйынтыктары бар, Кумтөр маселесин убагында көтөрүшкөн комиссиянын мүчөлөрү, кылмыш иш козгогондор, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт башчылардын көпчүлүгү азыр тирүү, анын бири С.Жапаров азыр президент» - деп кичине ийменсе болмок...

Аттиң... Жок дегенде башкы келишим боюнча 2002-жылы Кыргызстанга толук өтө турган Кумтөрдү Акаев мактаган Танаев экөө кайтарып алгандын ордуна, 2002-2003-ж.ж. «Реструктуризацияны» ойлоп чыгышып Кыргызстандын 67 пайыз акциясын Центерранын 33 акциясына эмнеге алмаштырган?! Аны да кайра сатып, «Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүн 15,66 пайызга азайтканын эмнеге жашырат?!

Алтын өндүрүү комплексин курууда ашыкча «чыгымдалган» 176 млн долларды, 2002-2004- жылдары коррупциялык жолдор менен Оффшордук «Эккерд» компаниясына которулган жалпы 15 млн доллар жөнүндө да айткан жок! Мындайды «беттырмачылыктын академиги» болгон адис гана жашыра алат!

1991-жылдын аягында жана 1992-жылдын башында чет элдин жараны Б. Бриштейндин менчик самолёту менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен 2 тоннага жакын алтын жана Орусиядан Акаев тарабынан алынып келинбеген 14780 кг кыргыз алтыны жөнүндө Акаев Кыргызстандын тунгуч президенти катары, өз чындыктарында бир да жолу сөз кылбады. 1990-жылдардын башындагы «легендардык» парламент тарабынан катуу көтөрүлгөн ушул эки маселе боюнча да документалдуу маалыматтарды өзүңөрдүн сотуңарга коём...

Алар эмне болгон алтындар? Эмне үчүн Кыргызстан аларды кайрып алалбады?! Эмне үчүн Акаевден кийин бийликке келишкен президенттер, бул маселени көтөрүшпөйт?! 2005-жылдын март ынкылабынан кийин, ушул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштер, А. Бекназаров башкы прокурорлуктан кетирилгенден кийин (2005-ж. сентябрь) эмне үчүн дароо токтотулду?!

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров

(Уландысы бар...)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости