www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президенти Аскар Акаев кыргыз элин Курман Айты менен куттуктады:

Урматтуу мекендештерим!

Бардыгыңыздарды мусулманчылыктагы ыйык майрам болгон Курман айт майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм! Жалпы мусулмандар арасында белгиленген Курман айт майрамы эзелтен бери элибиздин ынтымагын бекемдеп, кадырман калкыбыздын кайрымдуулугуна жол ачкан. Бул күн - ар бир мусулман баласын ыймандуулукка, ак ниеттүүлүккө, боорукерликке, сабырдуулукка чакырган касиеттүү күн! Мындай улуу күндө көзү өтүп кеткен ата-баба, ага-туугандарыбыздын, кыргыз дөөлөтүн куруш үчүн кырчындай өмүрлөрү кыйылган инсандарыбыздын арбактарына дуба багыштап, Куран окуп, алардын элестерин эскерип, таазим кыла жүрүү ар бирибиздин инсандык милдетибиз.

Кадырлуу агайын-туугандар!

Биз бүгүн Жараткандан бардык жакшылыктарды суранып-тиленебиз, арууланабыз. Ылайым мусулман бир туугандарыбыздын асыл тилек, жаркын ой-максаттары ишке ашсын. Эли-журтубузда ар дайым ынтымак, ырыскы, береке жана биримдик орноп, Кыргызстаныбыз өнүккөн мамлекетке айлансын. Жараткан баарыбызды ыйман, ырашкерликтен ажыратпасын. Ыйык күндүн ушул мүнөт, ушул сааттарында кылган ибадаттарыбыз, өтүнүч-суранычтарыбыз, окуган Куран-карим, аят дубаларыбыз кабыл болсун!

Курман айт майрамы маарек болсун урматтуу менин мекендештерим!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости