www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги кыргыздарга ошол жака эле мектеп, жанына оорукана салып берүү керек. Мындай пикирди Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов билдирди. 

--"Памир кыргыздарынын өзүлөрү турган жерде кам көрүп, үй салып берип, керек болсо мектеп салып берип, жанына оорукана салып берип, ошол жактан каалагандарды жиберип иштетсе болмок. Ошондой кылса булар ошол жерди сактап турат эле. Буларды Кыргызстанга алып келип, анан бир өрөөнгө бир-эки үй-бүлөдөн чачып ийгенин эмне деп айтсак болот? Чыккынчылык десем катуураак болуп калат. Бул өзү иш билбестик да. Буларга туура эмес мамиле болот.

Себеби, бул субэтностун маданиятын жок кылуу деген сөз, өзүңдүн маданиятыңды жок кылуу деген сөз да. Эми бир он үй бүлө келсе, алтымыш, жетимиш кишини бир райондо эритип ийгенде эл көбөйүп калабы? Маданият өлүп калат да", - дейт Кайыпов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости