www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Аскар Жолчубекович, Кыргызстан 30 жылдан бери тышкы саясатта эмдигиче өз жолун таппай келет, буга кандай дейсиз?

- Мамлекеттин келечектеги жолу кайсы багытта болушу толугу менен президентке таандык. 30 жылдык тарыхыбызга кайрылсак, бир убакта «Швейцария, Түркия, Корея, Япония жана Сингапур болобуз» деп чөп башылап иллюзияга берилип жашап жүрдүк. Ошондон бери өз жолубузду таппай келебиз. Келген президенттердин баары Конституцияны оюнчук катары көрүшүп, өздөрүнө ылайыктап өзгөртө берип, тышкы саясатыбызды дагы өлтүрүп алдык. Эмнеге дегенде, тышкы саясат - ички саясаттын уландысы, а ички саясатта башаламандык болуп жатса, анан кайдагы тышкы саясатты айтабыз?

Мисалы, мен жөнөкөй тил менен айтайынчы, кадимки кеме сүзүп бара жатып, каякка багыт аларын билбей, астындагы палубасы жана үстү күйүп жатат, ал аз келгенсип, суунун астындагы айсбергди көрбөй, кагышканы бара жаткандаи акыбалда турабыз. Биз тышкы дүйнөгө өзүбүздүн оюбузду, пикирибизди, багытыбызды жана кайсы тарапка бара жатканыбызды айтышыбыз керек да. Антпей эле, көп принциптүү жолдорго түшүп алуунун айынан тышкы саясатыбыз бир эле маселеге камтылып келди. Ал - биринчи кезекте президенттердин бийлиган сакташ үчүн баардык аракеттерди көрүү, чет өлкөлөргө аларды жаман көргөзбөө, чоң өлкөлөр эмнени айтса ошону жасоо ж.б. Мына ошондо «алар мени колдоп, бийлигимди сактал беришет» деген кыска түшүнүк менен мансабын улантып келишкен. Айрыкча Атамбаевдин учурунда мамлекеттин өнүгүп-өсүшү баары бир болгон. Ушундан улам президенттердин кайдыгерлигинен, өзүмчүлдүгүнөн ички-тышкы саясатыбызды кош колдоп башкаларга өткөрүп берип жатышпайбы! Мына ушундан кийин анан кайдагы тышкы саясатты айтабыз?

- Тышкы саясатта өзгөчө геосаясый мамилени туура жана так жүргүзүп, эл аралык деңгээлде аброюбузду көтөрө албай жаткандайбыз...

- Бул эми эң жөнөкөй эле нерсе: адамдарда деле өзүнүн жеке ою бар, аны таргынбай, коркпой-үркпөй айта билгенди эл сыйлайт го? Кудум ошондой эле мамлекет дагы болуп жаткан дүйнөлүк окуяларга башка өлкөлөрдүн оюн эске алуу менен жеке өз пикирин, көз карашын тартынбай билдирген мамлекет болсок, ошондо бизди башка мамлекеттер сыйлайт. А өзүнүн позициясы жок, башка бир өлкөнүн көзүн карап, ошол өлкө аркылуу бүт мамлекеттерге мамиле жасап отурса, бүт дүйнөдө жана геосаясатта кантип аброй алат? Чет өлкөлөр бизди эч качан өсүп-өнүгүп, алдуу-күчтүү, көз карандысыз мамлекет болушубузду каалабайт.

Тескерисинче, бир байкуш өлкө болуп, суранып, тилемчиленип турсак, биртике жардам беримиш болуп, ички-тышкы саясатыбызга кийлигишип, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырып турсак (!) дейт.

- Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатып, ант берген сөзүндө «Кыргызстан мындан ары тышкы саясатта көп векторлуу өзүбүздун саясатыбызды жүргүзөбүз» дегендей кылды эле. Бул иштер канчалык деңгээлде ишке ашат?

- Учурда Садыр Жапаровго ишеним жана үмүт артып турам. Жаңы бийлик биринчи кадамдарды жасап жатат, азырынча бир дагы эл аралык визит боло элек. Акыры жакшы кырдаал түзүлдү, Кыргызстандын тышкы саясатына ар-намысты кайтаруу болуп жатат. Мындай иштерди жасоо жеке адамдын интеллектуалдык деңгээлине жараша болот. Ушул убакка чейин мен канча убадаларды уктум, а президентибиз Садыр Жапаровдун убадасын уккандан кийин менде «ниети бар экен» деген ой пайда болду. Негизи адамдын ниети болсо, духу болсо, ал ойлогон оюн ишке ашыра алат. Ошон үчүн биринчи визитинен эле көрүнүп калат. Көп вектордук саясат боюнча кошуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тышкы саясатындагы үч принципти ачыктан ачык эле айтып салды: 1) «Биз эч кимдин койнуна кирбейбиз, эч ким бизге дос эмес да, эч ким бизге душман эмес» деп Америка, Кытай жана Россия мамлекеттерине угуза айтты; 2) «Интеграциялык жана блок уюмдарына кирбейбиз» деди; 3) «Маселенин баарын эки тараптуу гана чечебиз» деди. Мына көрдүңузбү, кошуна өлкөнүн тышкы саясатын!

- Тышкы саясатыбызда бир беткейлик байкалат. «Орустар жардамын аянбай берип жатат, орус болбосо талаада калабыз, ал тургай өлүп да калабыз» дегендер басымдуулук кыла баштады. Орустардан башка биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз жокпу?

Биз, кыргыздар 30 жылдан бери ишти башка жакка бурууну адат кылып алдык. Бизде жаңылбасам 17-18 стратегиялык өнөктөштөр бар. Жадагалса Венгрияны стратегиялык өнөктөш кылып алганбыз, саясатыбыз, соода-сатыгыбыз же байланышыбыз деле жок. Германия дагы стратегиялык өнөктөш, ошону менен дүйнө жүзүнүн баарын стратегиялык өнөктөш кылууга жетишкенбиз да. Конституция менен ойногондой, «стратегиялык өнөктөш» дегенди дагы оюн катары көрүп алганбыз. Башка чоң-чоң өлкөлөрдүн ой-пикирин угуш керек. Башкалар тышкы саясатын жүргүзгөндө кучагына кирбе, өзүңдүн аброюңду, намысынды сакта, тилемчилик кылба! «Төрүңө жараша бутуңду сун» дегендей, суранганды токтотуп, өз алдыбызча жан бакканды үйрөнүшүбүз керек. «Орустар берет, башкасынан да алабыз» деп жүрө берсек, сөзсүз кулга айланабыз. Аэропорт, темир жол жана мөңгу сууларыбыз ж.б. саясий, экономикалык, аскерий жактан да орустарга көз каранды болуп калганбыз. Азыркы президентибиз Садыр Жапаров эч кимден көз каранды болбогондой башка өлкөлөрдүн таасиринен акырындап чыгуунун жолун издениши керек...

Булак: Азия News гезити

Последние новости