www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко республикага "Спутник V" вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системасындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана КР медиктеринин РФтен тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Бейшеналиев учурда иш сапары менен Москва шаарында экени айтылат.

Мындан тышкары, Россия тарап тез курулуучу модулдук клиниканын курулушуна жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөрү белгиленди.

Бейшеналиев өз сөзүндө Россияга коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости