www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арачылар мыйзамсыз малды ташыгандарды кармашты

19-февралда Ала-Бука районунда чек ара кызматкерлери жалпы суммасы 450 миң сомдон ашкан малды ташуу аракеттерин токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Турбаза аймагында чек ара кызматкери кызмат өтөп жатып чек аранын жанындагы кароосуз калган үйдөн контрабандалык жүктү - 2400 бөтөлкө энергетикалык суусундукту тапкан. Жүктү 1993-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы белгилүү болгон.

"Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Таза-Суу аймагында чек ара кызматкерлери 1986-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Ал 16 баш майда мүйүздүү малды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Анын жалпы суммасы 450 миң сомдон ашык сумманы түзөт. Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости