www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга кол сала турган болсо, өлкө аскердик, экономикалык, же саясий жактан туруштук бере албайт. Мындай пикирин серепчи, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов билдирди.

Анын айтымында, эгерде талиптер Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга кол сала турган болсо, өлкө аскердик, экономикалык, же саясий жактан туруштук бере албайт. Бирок ошол эле учурда эл аралык коомчулук, ири өлкөлөр талиптердин бул кадамына кайдыгер карап турбайт.

"Биз өзүбүз үчүн чечип алышыбыз керек, эгер согуш болуп кетсе, аскердик жактан "Талибан" кыймылына туруштук бере алабызбы? Канчалаган каражат жумшап аскердик техника сатып алып, куралдуу күчтөрүбүздүн санын көбөйтүү колубуздан келеби? Биз бул жерде эл аралык коомго ишенишибиз керек", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости