www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Медетов: «Ыдырыс Исаков дагы беш өрдөгүн учурду»

- Аске, «Улуттук университет билимкана эмес эле эрмеккана болуп кетиптир» деп Ыдырыс YouTube каналында ызылдатып жатат го, буга эмне дейсиз?

- Чайкана болуп кетиптир дебегенине да тобо дейли.

- Эмнеге?

- Ыдырыс коомдогу терс көрүнүштөрдү ачып, кемтиктерди көрсөтүп, чындыкты айтканга аракет кылып жүрөт. Бирок бул жолу анысы оңунан чыккан жок. Себеби, ал университеттин окуу иштери, илим жана башка тармактарын билбегендиктен, жондотуп, үстүрттөн айтып жатат.

- Ыдырыс Исаков: «Университтеги терезелер чаң экен, гидранттар жок, дааратканасы сасык экен», - деп, болгонун болгондой эле айтып жатат го?

- Ал туура, ага эч кандай деле кусаматыбыз жок. Ыдырыс Исаков университет тууралуу иликтөө кылганы келген окшойт, бирок, фактыларды жыйнабай, даай албай, жалпылаштырганга шаасы жетпей, жыйынтык чыгара албай жатпайбы. Анан чаң болгон терезелер, электр зымдары, даараткана, пожарный щит сыяктуу майда-барат нерселерди эле жакшы билет экен, ошолор тууралуу олуп-чолуп айтып, жалаң кемчилик издеп, бир жактуу чагылдырып келе жатып эле башка темага кирип кетип, сөзүнүн баш-аягын таппай калыптыр. Ыраатсыз журналист тура.

- Улуттук университет гүлдөп кеткен жери жок да?..

- Кемчиликтер бар, аны жашырбайбыз. Журналист ошолорду иликтеп, себептерин ачып, калыс мамиле жасаса болот эле да. Мисалы, акыркы 20 жылда он жолу ректор алмашты. Алардын үчөө эле мыйзамдуу шайланган, калгандары биздин жетесиз президенттердин жердештери, жарма достору болчу. Алар жеп-ичкенден, уурдагандан башканы билбеген шылуундар экен.

Ошолордун айынан университет эки жатакана, бир окуу имаратын башка мекемелерге тарттырып жиберди, дагы бир жатакана каралбай калып, авариялык абалда турат. Ушундай олуттуу маселелердин ажытын аңдабай, журналист Ыдырыс Исаков «тигил жер чаң экен, бул жагы сасып кетиптир» деп эле майдаланып, билимге чукак ОшМУнун бүтүрүүчүсу экенин далилдеп жатпайбы. Деңгээлин көрсөтүп...

- Ал «Улуттук университетте Ак үй, Көк үйдөн иштен айдалган, кыскарган аткаминерлер иштейт. Билимкана эмес эле чоңдор эрмектеген «Эрмеккана» деген статус бериптир го?

- Журналист мындай маалыматты кайдан алса да туура эмес, Ак үй, Көк үйдөн айдалган канча чоң, кайсы аткаминерлер иштейт экенин, аты-жөнүн билсе уялбай эле атабайбы? «Эрмеккана», «запасной аэродром» - деп айтканга анын таянган фактсы, далили да жок.

Ал Улуттук университетти жаманатты кылганга атайын жалданып келген окшойт. Болбосо, Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында өзгөчө орун ээлеген, жүз жылга жакын тарыхы бар окуу жайга олуттуу маани бербей, шарашкин конторасы дегендей ажыкызданган, алаңга зар мамиле болбош керек эле да.

- Андай эмеспи?

- Чала-сабат чоңдор, аткаминерлер, депутаттардын университетте лекция окуй ала турган билим деңгээли болсо, Кыргызстан качан эле гүлдөп өнүгөп кетпейт беле? Алар университетте иштей алышпайт, байлап койсо да турушпайт. Окутуучу кайсы предметти окутса, ошол боюнча адис болушу шарт.

Ал үчүн үзгүлтүусүз илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошон үчүн окутуучу жаны тынбаган илимий чыгармачылык изденүүдө болот. Мындай интеллектуалдык түйшүк аткаминердин, же депутаттын түшүнө да кирбейт. Демек, университет иштен бошогон чоңдор, депутаттар эрмектей турган жер эмес.

Университеттин чарба жагында кемчиликтери болсо болгондур, ага жооп бере турган кызматкерлер бар, бирок билим берүү ишин жогорку деңгээлде жүргүзүп жаткан бүтүндөй профессордук-окутуучулук курамды каралаганга, өмүрүн билим-илимге арнаган аалымдарды чала сабат чоңдорго теңегенге эч кандай негиз жок.

Журналистика, тарых, кыргыз тили, кыргыз адабиятынын тарыхы, математика, физика, биология, география, экономика, каржы, менеджмент, маркетинг, юриспруденция боюнча республикабыздын ЖОЖдору үчүн окуу китептери, окуу куралдары, негизинен, Улуттук университеттин илимпоздору тарабынан даярдалат.

Демек, илимий-педагогикалык курамы күчтүү. Бул журналисттин окуу стандарты, окуу планы, окуу жүгүнөн кабары жок экенин, каратып туруп эле жалган маалымат таратып, «сабактар, предметтер өзүнөн-өзү эле көбөйө берет» деген сөзүнөн кашкайып көрүнүп турбайбы.

Улуттук университет - өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын флагманы. Жогорку билимдүү адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча өлкөбүздүн чоң окуу илимий борбору. Муну журналист сөрөй билбесе, бүтүндөй коомчулук, атургай алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдө жакшы билишет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости