www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огунан болгон кыргыз жаранынын өлүмү кылдат жана адилеттүү иликтенет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдирет. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Лу менен байланышып, окуяны талкуулаганы расмий кабарланды.

Элчи трагедияны адилеттүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Дональд Лу жакын арада бул өлүм тууралуу расмий баяндама берилээрин белгиледи.

5-октябрда Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полициянын огунан өлгөнүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы так белгисиз. Социалдык медиада тараган видеодо жүк ташуучу машинелердин арасында атышуу болгону көрүнөт.

28 жаштагы маркумдун жакындары анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын документтерди даярдап жатат. Элчилик - маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага тиешелүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости