www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президентинин адамдардын айрым категориясынын мамлекеттик жөлөк пулунун көлөмүн көйбөйтүүчү жарлыгын жүзөгө ашыруу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан министрлер кабинетинин токтом долбоору иштелип чыккан.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө токтом долбоору министрлер кабинетинин кароосунда жатат.

КР президентинин жарлыгына ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу каралууда. 1-октябрдан тартып жогорулатылган мамлекеттик жөлөк пулду төлөө 2021-жылдын ноябрь айынан баштап, башкача айтканда, токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынгандан кийин ишке ашырлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости