www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир Бол» партиясынын Жогорку Кеңеште отурган өңчөй коррупцияга шектүү депутаттары качан камалат деген кабарды көптөн бери коомчулук кулак түрүп күтүп келет. Тилекке каршы, коррупция менен кылмыш иши козголгон Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматовдор кылы кыйшайбай коррупцияны кантип жеңиш керектиги боюнча парламентте акыл айтып сайрап отурушат. Парадокс деп ушуну айтса жарашат.

Ал эми Аскар Шадиев деген дагы бир жеп-ичээр дайынын билдирбей качып кетти. Маалымат булактары Америкада экенин жазышты. Ал эми УКМК дале болсо чек арадан чыккак жок деп шин куушурса, башкы про­куратура болсо «Кылмыш иши жаңы эле козголду, тергөө жүрүп жатат» - деп билмексен... Кызыгы, Биринчимай райондук соту Шадиев Америка­да жүрсө сыртынан үй камагына алуу боюнча чечимин чыгарды.

Булак: "Фабула"

Последние новости