www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылынын «Түмөнбай» дыйкан чарбасынын башчысы

Эргашов Азимжондон Кыргыз бийлигине КАЙРЫЛУУ

Акрам Мадумаров Камбаралиевичдин Кокон хандыгын тыйып койчу жан барбы? Мурдагы  Бажы кызматынын башчысы, экс депутат Абсатаров Абдыкайымдын крышалык кылуусу менен «Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тойгоздум, болду эми сен бийликтин эркеси болуп жүрө бер» деп эркелеткен Акрам Мадумаровдун Кадамжай элибизге коррупциялык иштерин токтотпой келет.

А.Мадумаровдун учурунда жалгандан 25 км эле деп элди алдап, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн, Ак-Турпак айыл аймагынын тургундарынын жер үлүштөрүнөн өткөн  трубаларды каалаган баасында сатып, көп жылдык бак дарактарыбызды жана эгин эгилген чыгым кылгандарыбызга карабай, зыянга учуратып казып жүктөп кетип жатышат. Бул трубаларды Акрам Мадумаровдун соттор менен паралап, сүйлөшүп бергени үчүн Баткен облустук райондор аралык паракор, элди какшаткан соту Түленбаев «ИнтерГаз  kg» ЖЧК сына саткандыгы тууралуу айыл өкмөттүн макулдугу менен сот коррупционерлерге элди сотко бир да чакырбай чечип берген. 2018-жылдын 30-майында мен «Интергаздан КЖ»дан болом деп Медер аттуу жаран келип бизге эскертүү бербестен жерлерибизди казып баштады. Биз тоскоолдук кылып баштасак «Колуңардан не келет» деп милиция чакырды. Милиция келсе жакшы болот десек, ишенген милициянын Максат аттуу кызматкери «айдааа, өлүп кетсин крандын астында калып, жан керек болсо качат, каякка арызданба сени эч ким укпайт, прокурор, акимдер "долясын" алды, жогол» деп, мени ашатып  сөгүп «камайм жоголбосоң» деп жердин ээлерин коркутуп кирди. Биз колубузда жер улушубуздун мамлекеттик акты бар дегенибизге караган жок. Бул трубаларды А.Мадумаров саттырбай өз элине таза суунун сметасын түзсө болмок, таза суу алып келүүгө  жумшаса эл ыраазы болот эле. Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарында элде ичкенге таза суу такыр жок. Мамлекетке эмес өз элине чыккынчы Акрам Мадумаровдун моралдык укугу жок бийликте кармалганга. 25 км труба деп алдап жатат, 25 км ден артканына өкмөттөр, Акрам Мадумаров, прокурорлор каяка сиңиришти акчасын?Орозонун улуу күнүндө элди какшатып жатасыңарбы, жеп тойбогон жергиликтүү бийлик. Андан сырткары «Көгүчкөн» балдар бакчасындагы курулуп бүтө турган 7 миллион сом акча каражаты кайда кетти? Муну да жеп тойбошуптур.

Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кайтпас айылында жайгашкан Өзбек Республикасынын пайдаланган обьектилери жана курулуштарынан калган емкость, склад, арка, металдардан курулган трубалар Акрам Мадумаровдун коррупциялык тартиби менен өкмоттөр сатып жыргап жатышат. Көзөмөлгө алган органды Максат менен Медер тастыктап прокуратура “доляда” экенин тастыктап айтты. Акрам Мадумаров тарт колунду Кадамжай элинен, качан токтотосун былык иштериңди?

Кайрылуу ээси:Эргашев Азимжон

Байланыш: 0779 32 17 42.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости