www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Аскарбек Шадиев Кыргызстандын биринчи вице-премьерлик кызматынан кетти. Эстеп көрсөк, креслосуна атасынан калгандай жабышпай, өз каалоосу менен кеткендер бизде сейрек саналат экен. Шадиев жөнүндө Жогорку Кеңештин кызматкери Арсен Закировдун Ч.Айтматовдун атындагы сыйлыкка кол салып, 30 миң долларды сугунуп алганына байланыштуу басма сөздө тескери маалыматтар көп жазылып жатат. Чындыгына келгенде, Аскарбек Алимбаевичтин эч кандай бул аферага тийешеси жок экени дайын.

Бизнесте жүрүп байып, тээ 2000-жылдын баштарында эле миллионер болгон Аскар авабыз 30 миң доллар үчүн таза атын булгамак беле! Логикага сыя турган эмес го бул? А.Шадиев Энергетика министри болуп турганда да ууланган көмүр чыры чыгып, коомчулук сындап эле жатып калган. Ошондо да Шадиев өз арызы менен тергөө бүткөнчө кызматын тапшырган. Кийин бул иш сотко жетип, Аскарбек мырзанын таза экени далилденген. Бул сапар да А.Шадиев “бул иш өкмөткө көлөкө түшүрбөсүн!”- деп, кызматтан кетти.

Эртедир-кеч, албетте, анын бул ишке да таптакыр тийешеси жок экендиги толук далилденет. Аскарбек Шадиевдин минтип жогорку саясий маданиятын көрсөткөнү коомчулукта жакшы кабыл алынды. “Ак ийилет, бирок, сынбайт эмеспи. Аскарбек Шадиевдин ар кандай кызматтан абийирди жогору койгонуна тарых, убакыт өз баасын берет”,- дешет алар. Биз да буга кошулабыз!

Булак: «Майдан.kg»

Последние новости