www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто аялуу аялдар ишкерликти үйрөнүштү

Ошто социалдык жактан аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелүү энелер, майып балдардын энелери "экономикалык өз алдынчалык" боюнча билим алышты. Алар бир жумалык окуунун жыйынтыгында чакан бизнес ачуу планын түзүшкөн. Эми атайын комиссия аялдардын жазган долбоорлорун карап чыгып, тандалып алынгандарын ишке ашырууга каржылык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Азазттык билдирди.

Аялуу аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү семинар 12-апрелде жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификат берилди.

Бүгүнкү күнгө чейин тренингдин он үч катышуучусу тигүү цехин ачуу, улуттук буюмдарды жасоо, сулуулук салону, мал чарбачылык, массаж салонун ачуу боюнча бизнес долбоорлорун сунушташты.

Семинар "Кыргызстандагы аялуу аялдардын экономикалык өз алдынчалыгы" долбоорунун алкагында "СПИД Чыгыш-Батыш" жана "Инфо - Центр Рейнбоу" коомдук фонддору тарабынан уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости