www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында Айыл, суу чарба жана аймактык өнүктүрүү министрлигинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишин жетишсиз деп баалады. Бул тууралуу министирлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана аймактык өнүктүрүү министрлигинин бир катар жетекчилерине эскертүүлөр жана сөгүштөр жарыяланды.
"Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын суу чарба иштери боюнча орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.
Эгер сиз убагында жетиштүү көңүл бурсаңыз, суунун жетишсиздиги, азык-түлүк коопсуздугу маселелери жаралмак эмес. Актанууну токтотуңуз. Тийиштүү министрлик башына жүктөлгөн милдеттерди чечүү жөнүндө ойлонушу керек болчу. Акыркы 5 айдын иш планын алалы. Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин талдоо тапшырылган. Бүгүнкү күндө бир дагы сунуш жок. Жалпысынан Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз деп бааланууда", - деди Улукбек Марипов.
Булак: NazarNews.kg