www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баламды «подстава» кылып, 10 жылга эркинен ажыратты», - деди бүгүн, 24-июнда NazarNews маалымат агенттигине Сиядаткан Ноорузбаева.

Сиядаткан Ноорузбаеванын айтымында, Токтогул районунун тергөөчүлөрү баласынын чөнтогүнө баңгизат салып, аны «подстава» кылышкан.

Баламды алдап, сабап бети-башын канга боёп үйгө бейтаныш бир топ жигиттер алып келишти. Алар баламдын чөнтөгүнөн баңгизат таап алышканын айтышты. Алар өздөрүн тааныштырбай туруп, үйдү тинтүүгө киришти. Мен болсо баламдын канга боёлгон абалын көрүп алардын ким экенин сурасам «НПОшниктербиз» - деп жооп беришти. Эч кандай уруксаты жок эле үйдү тинтип башташты.

Үйдөн эч нерсе таппай баламды кайра бөлүмчөгө алып кетишти. Ал жерден балаңарды чыгарып алам десеңер 500 000 (беш жүз миң) сом бергиле деген талап коюшту. Бизде ал акча кайдан болсун?! Ошол эле жерден баламды психикалык жактан жабыркаган деп ооруканага жаткырышты. Ал жерден келгенден кийин аны өз ара сүйлөшүп, жең ичинен чечишип 10 жылга камап салышты. Бейкүнөө жерден балам 10 жылга эркинен ажыратылды», - деди Ноорузбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости