www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда ар кандай кылмыштарга шектелип кармалгандар өз убагында укуктук жардам ала албай калып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда "Ыйман Нуру" фракциясынын жыйыныда Акыйкатчы Аппаратынын жектекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

"Учурда Орусия Федерациясынын аймагында 985 кыргыз жараны абакта жатат (убактылуу кармоочу жайларды кошкондо). Алардын 30% баңгизатка байланыштуу кармалгандар. Аталган көйгөйдү биз учурда талдап баштадык. Мындай көрүнүштөрдүн көбөйүшүнүн бирден-бир себеби, Украинадагы кырдаалга байланыштуу жумуш орундары кыскарып, айрым жарандарыбыздын жумушсуз калгандыгында. Социалдык тармактарда, телеграмм каналдарында оңой акча табуу жарнамаларына биздин жарандар алданып калып жатат. Андай жарнамалар баңгизаттарын таркатуу боюнча иш алып барышат. Биздин жарандарыбызга толук кандуу маалымат жетпей жатат. Бири билип барса, бири билбей барган учурлар кездешүүдө. Бизге кайрылып жаткандардын көпчүлүгү билбей барганбыз деп жатышат. Бизди ал жерге товар эле таштайсыңар деп айтышкан, ичинде баңгизат бар экенин билген эмеспиз деп айтышууда", - дейт Азарбеков.

Орусияда кармалган кыргыз жарандар өз учурунда укуктук жардам ала албай жатат. Алар кармалгандан кийин, бардык иш кагаздар бүткөндөн кийин консулдук органдарга кайрылып жатышат. Бул ошол учурда алардын укуктары бузулуп калып жатат дегенди билдирет.

"Азыркы учурда Орусиянын ар бир федеративдик окуругунда биздин өзүбүздүн коомдук башталгычтагы жардамчыларыбыз бар. Акыркы статискага таяна турган болсок, учурда Орусия Федерациясында 1 миллион 63 миң кыргыз жараны иштеп жатат. Аларга адам уктарын коргоо жаатындагы бир расмий өкүлүбүздү коюу сунушун киргизгенбиз, бирок, тилекке каршы каражаттын жоктугунан жана Орусия Федерациясы менен макулдашуу керек деген жүйөө менен бул маселе чечилбей калган. Эгер мүмкүн болсо ушул сурообузду карап, жок дегенде биздин жарандар эң көп жайгашкан шаарларда өкүлчүлүк ачып берүүгө көмөк көргөзүп берсеңер абдан жакшы болмок. Анткени бир кыргыз жараны кармалды деген маалымат түшкөндө тез арада укуктук жардам берүүгө шарттар түзүлөт эле", - деп билдирди Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Азарбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости