www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курулай кыйкырык менен эч пайда таба албайбыз», - деди бүгүн, 28-июнда NazarNews маалымат агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, казинонун иштешине казына муктажбы?

- Мамлекеттик казынаны толтуруу азыр эң актуалдуу маселе болуп турат. Өз милдеттерин туура түшүнө албаган мурдагы президенттер өлкөнү талатып жиберишти. Өздөрү дагы карындаш-урук, куда-сөөктөрү менен казынаны каалашынча майкандашты!

Натыйжада тышкы карыз укмуш өсүп, өлкө карайлап отуруп калды. Эми аны төлөө мезгили келди. Негизги жүк быйылтан башталат. Ошондуктан, киреше булактарын табуу иши өтө курч турат. Казиного каршы чыкса болот. Бирок, андан киреше түшсө убактылуу пайдаланууга эмнеге болбосун? Бул дүйнөлүк эле практика!

Мындан курулай кыйкырык менен эч пайда таба албайбыз. Андан көрө мыйзамды бекем кармап, өз жарандарыбызды тыйып турууга кудуретибизди жумшайлы. Бул кризис дагы өтөт. Андан кийин казинодөн баш тартып коюга болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости