www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскат, Миргүл:

“Аруузатым” ыры менен көпчүлүктүн көңүлүн тапкан ырчы Аскат Мусабеков жай айларынын биринде турмуш жаңыртып ырчы кыз Миргүл Асаналиевага баш кошкон. Жаңы бүлөнү үй-бүлөлүк жашоосу менен куттуктап, ушул бактылуу күнгө жеткирген күндөр менен тааныштык.

- Аскат мырза, Миргүл айым, куш бооңуздар бекем болсун! Жаңы статуска ээ болуп кандай сезимдерге бөлөнүп жатасыздар? Байкашымча, баш кошкондон бери Ат-Башыга көп каттап жатат окшойсуздар?

- Аскат: Чоң рахмат! Кудайдын буйругу менен эки ай мурун үй-бүлө деген жаңы статуска ээ болдук. Азыр бири-бирибизге көнүшүү этабындабыз. Ат-Башыга бат-баттан каттап жатканыбыздын себеби, жубайым экөөбүз тең ушул жерликпиз. Ата-эне, бир туугандарыбыз бул жакта. Негизи мен үйлөнгөнгө чейин эле көп келчүмүн. Азыр да жубайым экөөбүз кичи мекенибиздебиз.

- Миргүл айым, өзүңүз тууралуу азыноолак кеп кылып кетсеңиз...

- Мен 21 жаштамын. Азыркы учурда Кыргыз улуттук консерваторияда 3-курста билим алып жатам. Бул менин экинчи билимим. Биринчи мугалимдик кесибим аркылуу Бишкек шаарындагы №5-балдар музыкалык мектебинин элдик ырдоо бөлүмүндө төрт жылдан бери сабак берип келе жатам.

- Ортоңуздардагы жаш айырмачылык чоң экен. Бул нерсе сиздерди ойлондурган жокпу?

М: - Көпчүлүк ойлогондой биздин ортобуздагы жаш айырмачылык 20 же андан көп жаш эмес, болгону жолдошум менден 14 жашка улуу. Муну мен көп деп эсептебейм. 3-курста окуурумду угуп алып эле мени аябай эле жаш кыз деп ойлошот айрымдар.

А: - Мени деле бул маселе ойлондурган эмес. Тескерисинче, жаш айырмачылыктын жакшы жактары бар экен. Мисалы,биздин ортобузда сый-урмат бар, “сиз, биз” дешип турабыз.
.
- Миргүл, жолдошуңузду өмүр бою “сиз” дейсизби же бири-бириңиздерге көнгүчө элеби? Сиздин минтип кайрылганыңыз башкаларга өөн учурап жаткан жокпу?

- “Сиз” деген сылык сөз. Жолдошума сиз деп кайрылган мага жагат. Мен үчүн ушундай ыңгайлуу жана жакшы. Жолдошума да жагымдуу да. Эч кимге өөн учурабайт, тескерисинче, сый-урматты билгизет. 

- Пандемияга байланыштуу чакан той менен эле жакындарыңыздардан бата алдыңыздар. Чоң тойго да бересиздерби?

- А: Ооба, өзүмдүн туулган айылымдагы үйүмө боз үй тигип эле тууган-туушкан, кээ бир достордун коштоосунда өткөрдүк. Канча убакыттан бери кыргыздын тойлору кафе же ресторандарда өтүп, батанын баары ошол жерлерде калып калган. Батанын үйгө айтылганы биз үчүн абдан жакшы болду. Баталар кабыл болсун! Буюрса, ушул күз айларынын биринде Бишкек шаарында чоң той өткөрүп, мурда келе албай калган ардактуу конокторубуздун батасын алалы деген ниетибиз бар. Анан да ак көйнөк кийип турмушка чыгуу ар бир эле кыздын кыялында болушу керек, Миргүл дагы өзүнө жарашыктуу аппапак көйнөк кийсе деген тилегим бар. 

- Өкүл атаңыздар кыргыздын КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев агабыз болду. Сиздер агабыздын канчанчы өкүл балдары болдуңуздар?

А: - Сыймык агабыз менен 9-класстан бери эле ата-баладай ынак мамиледебиз. Өкүл ата кылгым келерин өзүнө мурдатан эле айтып жүрчүмүн. Себеби өкүл атабыз менен апабыз үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири. Бирин-бири кастарлап, бапестеп, барктап жашап келе жатышкан, ак жолтой үй-бүлө. Ушулар бизге да жуксун деген ой-тилек менен шайладык. Биз, жаңылышпасам, 43же 44-өкүл балдары болдук. 

- Үй-бүлө болгондон кийин бири-бириңиздерден кандай өзгөрүүнү байкай алдыңыздар?

- А: - Биз эки айдан бери бири-бирибиздин жаныбыздан карыш чыга элекпиз. Мурда Миргүлдү кандай жакшы көрсөм, азыр андан эки-үч эсе сүйөм, ишенем, таянам. Дайыма менин жанымды гана болуп туруусун каалайм. Жубайым ашканада мыкты кожойке экен. Даамдуу тамактарды гана жасабастан, ар бир тамактанууну өзгөчө кылып, кичинекей ашкана болсо дагы атайлап сервировка жасап, конок тосуп аткандай тамак берет. Дайыма “курсагыңыз ачкан жокпу?” деп сурап турат. Анан да келинчегим абдан оор басырыктуу. Экөөбүздүн жашоого болгон көз караштарыбыз төп келет. 4-5 саат болсо да тажабай сүйлөшүп отура беребиз. Жасаган мамилени, адамдык сапатты баалаган, ата-эне кадырын билген адам. Талаада баратып токтой калып эки-үч даана гүл үзүп берсем дагы чын жүрөгү менен кабыл алат.

М: - Жолдошумдун абдан романтик адам экенин үйлөнгөнгө чейин эле билчүмүн. Дайыма себепсиз эле гүл берип турат. Атайын менин табитимдеги белектерди жасатып же өз колу менен жасап сюрприз кылганды жакшы көрөт.

- Анда сөздү сиздерди ушундай бактылуу күндөргө жеткирген таанышууга бурсак? 

- А: Экөөбүз бир жерден болгон соң Миргүлдү мурда сыртынан таанычумун. Бир жолу атбашылык өнөрпоздордун кечесине барып калдым. Жолугушчу жерге киргенде эле биринчи көзүмө Миргүл урунду. Ошондо жанынан биринчи жолу көргөм. Ал кезде чачым жок болчу, учурашсам мени карабай койгон. Мага көңүл бурбай койгон бийкечти ошол кечеде улам карай бердим. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин кат жазып, алгачкы кадамды жасагам. Бир күнү сонун гүлдесте буйрутма кылып, анар менен кошо атымды атабай эле курьер аркылуу жумушуна берип жибергем.

М: - А мен анарды көргөндө эле жолдошумдун белеги экендигин сезип жүрөгүм жылыган. Биздин махабат анардан башталган (күлүп). Ага чейин “карындашым” деп ден соолук, чыгармачылыгымды сурап, дуэт ырдоону сунуштап жазып калды. Ошол кезде мен да дуэт тууралуу ойлонуп жүрдүм эле, макулдугумду бердим. Ошондон кийин күнүгө жазып, чала баштаган. Бирок эч жолукчу эмеспиз. Кийин дуэттин аркасы менен жолугушуп, мүнөздөрүбүз келишип кетти окшойт, ортобузда кандайдыр бир жакындык пайда болду. Бара-бара жумушумдан чыкканымда дайыма гүл көтөрүп күтүп турган адат тапты.

А: - Биз жаңы сүйлөшүп баштагандан кийин апам менен Миргүлдүн туулган күндөрү бир күндө экендигин билдим. Бул деген булардын жылдызы да бир дегендик. А биздин атам экөөбүздүн туулган күндөрүбүз бир күндө. Ата-энемдин жашагандарына кырк жылдан ашты, ушул күнгө чейин сен-мен дешпей ынтымакта жашап келишет. Демек, биз дагы ата-энемдей бактылуу болобуз деп ойлодум. 

- Миргүл, негизи сиздин чыгармачылыкка аралашканыңызга канча убакыт болду? Сизди көпчүлүк Токтобек Асаналиев агабыз менен ырдаган дуэттен гана таанышат экен.

- Биринчи “Коштошуунун кыйыны ай” аттуу чыгармамды 17 жашымда элге тартуулагам. Ал эми устатым Токтобек Асаналиев экөөбүздүн дуэтибиз эл оозуна бат алынып кетти. Чыгармачылыкка аралашканыма төрт жылдын жүзү болду. Келечекте жеке да, дуэт да ырларды жаздыра беребиз.

- Чыгармачыл адамдар эл менен болуп үйдө көп турушпайт эмеспи. Бул жаатта сиздердин үй-бүлөдө кандай талап, мыйзамдар орнотулду?

А: - Бул суроону мен Миргүлгө сүйлөшүп жүргөндө эле берип, жообун угуп ыраазы болгом. Келинчегим “мен атак-даңктуу болуп, карьеранын артынан ээрчип кетейин деген оюмда жок. Үй-бүлөнү биринчи орунга коюшум керек, үйүм жыйналып, казанымда тамагым болуп, дасторконум жайнап туруусу керек”,-деп айтат. Ошентсе да Миргүлдүн чыгармачылыгын колдобой коюуга мүмкүн эмес, анын өзгөчө үнү, тембри бар. Мындай үндү басып жатпоо керек деп ойлойм. Колумдан келишинче чыгармачылыгына жөлөк-таяк болууга даярмын.

М: - Эгерде уяңда жылуулук болсо атактуулук өзү эле келет, буйруган нерсе болсо. Бул үчүн кандайдыр бир нерсени курмандыкка чалып, жанталашып чуркагандын кереги жок. Ал эми үй-бүлөң түбөлүк калат.

Булак: Леди.кж

Последние новости