www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель орус оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулантылып, бирөөлөр тарабынан оозун жабууга аракеттер жасалып жатканын билдирди.

Меркель, Берлинде дарыланып жаткан Россиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулангандыгы аныкталган соң, басма сөз жыйынына билдирүү жасады. “Бул жердеги чындык Алексей Навальныйдын бир кылмыштын курмандыгы болушу жана анын оозун жабууга аракеттердин жасалып жатканы. Өкмөттүн атынан муну катуу айып деп эсептейм”. Ошондой эле, канцлер орус өкмөтүнөн бул процессти түшүндүрүүсүн күтүп жатканын билдирип: “Бул абалда бир гана Россия федерациясы жооп бере ала турган жана жооп бере турчу абдан олуттуу суроолор бар” деп кошумчалады.

Муну менен катар Алексей Навальныйдын тагдыры дүйнөлүк  деңгээлде кызыкчылык жаратып, дүйнө жүзү жооп күтүп жатканын баса белгилеп, бул боюнча Европа Биримдиги жана НАТОго кабарлаарын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости