www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй: Бүгүн Бишкекте нааразычылык акциясы өтөт

Бүгүн, 3-сентябрда, саат 14.00до, Бишкектин Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде нааразычылык акция өтөт. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов билдиргенин alakan.biz басылмасы жазды.

“Урматтуу журналисттер жана өлкөнүн кийинки келечегине кайдыгер эмес жарандар, кыргызстандыктар"

Бүгүн, 3-сентябрда, саат 14.00до, Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, Экология жана техника коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция имаратынын алдында, “Жерүй” алтын кенинин айланасындагы ар кыл маселелер боюнча түзүлгөн ”Элдик комиссиянын “Каттарга жооп – Эл талабын аткар!” аталышындагы нааразычылык акциясы болот.

Буга чейин, комиссия тарабынан “Жерүй” алтын кенинин аймагына кирип, экологиялык жана техникалык бузуулар, жумушчулардын эмгек акы укуктары тууралуу, алардын мыйзамдуулугу жана аткарылышын териштирүү максатында кирип чыгуу маселеси коюлган. Ал боюнча комиссия тарабынан 4 арыз, жана башка жергиликтүү коомдук уюмдар тарабынан бир топ кайрылуулар түшкөн. Тилекке каршы, ушул кезге чейин мамлекеттик органдар тарабынан жыйынтыктуу жооптор болгон жок.!” , - дейт кесиптешибиз К.Момоконов.

Эске сала кетсек, 1969-жылы чалгындалган Таластагы “Жерүй” алтын кени Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологдордун айтымында, ал жерде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашык күмүш бар.

2015- жылы алтын кенин иштетүү аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылып, Орусиялык “Орус платинасы” компаниясына таандык “Восток  геолдобыча” ишкансынын колуна тийген. Анын карамагында “Алтын альяянс” ишканасы түзүлгөн. Бизнесмендерге жүз пайызга сатып жибергендер деп андагы президент Алмазбек Атамбаевдин, ошол жылдагы премьер-министр Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановдун аты аталып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости