www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин тагдырын шайланып жаткан бийлик парламенти чечет.  Коммунисттик идеялар Батышта жаралган болчу. Бир учурда “Элдик парламент” түзүлүп, ага саясатта өз орду бар салмактуулар чогулушуп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына, өлкөнү башкаруу ыкмасына каршы чыгышкан. Ошол топтун лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков болчу. “Элдик парламенттин” лидерлерин Атамбаевдин бийлиги төңкөрүш жасоого даярдык көргөн, бийликти күч менен басып алууга аракет жасап жатат деп камакка алышкан. Азыр деле Талгарбеков баштаган “Элдик парламенттин” максаттары актуалдуулугун жогото элек, анда кулак салып көрөлү...

 ММК: Бекболот байке, жалпы кыргызстандыктардын көңүлүн бурган “Элдик парламентти” түзүү эмнеден келип чыкты?

Бекболот Талгарбеков:  Мен бир топтон бери бийликтин ишмердүүлүгүн талдап, жылына бирин-экин маек берип келе жатам. Бирок ага эч бир жооп болбойт. Сотко да бере алышпайт, себеби баары фактынын негизинде. Ошондуктан мен башкача аракет кылып, Орусиядагы биздин жердештерге чыктым. Алар Кыргызстандын мурдагы атуулдары, кийин Орусиянын жарандары болуп калышкан. Азыр жогорку кызматтарда иштешет. Алар дагы бийликтин Кыргызстанды талкалап жатканын жакшы билишет экен. Өлкөнү башкаргандан бери Атамбаев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени коррупциялык фундаментке коюп коюптур. Мен адегенде үч генерал менен жолуктум. Биздин курам көбөйүп олтуруп азыркы учурда 15ке жетти. Жарымы генералдар, жарымы жарандык таасирдүү кызматтарда иштешет. Алар Орусиянын структураларынын атынан чыгып жатышкан жок, Кыргызстанга күйгөн жарандар катары чыгып жатышат. Жада калса бирөөсүнүн – Алиев Бахтиярдын атын атадык. Ал атактуу алгачкы генералыбыз Эргеш Алиевдин небереси. Коррупционерлердин экөөнүн атын атадык. Бирөө орусиялык генерал Сергей Беседа, экинчиси Абдил Сегизбаев. Мындан бир жума мурун Беседа ээлеп турган кызматынан четтетилди. Биздин айтканыбызга Орусия реакция жасады. Ал эми Атамбаев көрбөгөн, билбеген адам болуп олтурат.

 

ММК: Сиз деле Аскар Акаевдин убагында Абдил Сегизбаев менен бирге иштегенсиз. Бул жигит деле колу таза жигиттердин бири. Кантип ушундай жаман иштерге аралашып калды деп ойлойсуз?

Бекболот Талгарбеков:  Анын шефи Атамбаев башынан эле ууру да. Уурунун жанында жүрсө булганат экен. Мисалы Данияр Нарымбаевди алалы. Ал деле таза иштеп жүргөн жигит болчу. Эмне үчүн ал дагы уурулукка барды? Анткени жетекчиси ууру экенин көрүп жатат да. Акаевдин учурунда Абдил айдан айга эптеп айлыкка жашап жүргөн жигит болчу. Бүгүн ал укмуштуудай байып, өзү гана эмес туугандарын да укмуштуудай байытып жатыптыр. Бул жигиттин пейили бузулуп, жан дүйнөсү акча эле деп калыптыр. Орусиядан келген акчалардын көп бөлүгүн кайра тигил жакка алып барат экен. Анын баары документтештирилиптир. Бийлик алмашкандан кийин Кыргызстан менен Орусиядагы коррупционерлердин баарынын аты аталып, иштери ачыкка чыгат. Мурда Атамбаев оппозициянын баарын башка-көзгө койгулап кыйын болуп жаткан. Азыр бизден жүрөгү түшүп калды. Анткени анын коррупциялык иштерин Орусиядагы достор факты менен даярдап коюшту.

 

 

ММК:  “Элдик парламенттин” кыргыз элине болгон кайрылуусунда ачуу сөздөр айтылды. Сиздердин башкы максат Атамбаевди эле кетирүүбү же жалпы башкаруу системасын өзгөртүүбү?

Бекболот Талгарбеков:   Атамбаевдин ар бир күнү мамлекетти чоң жоготууга алып келген. Ал мамлекеттин идеологиясына алдамчылыкты, уурулукту, жүзү каралыкты киргизди. Биз Атамбаевден канчалык эрте кутулсак, мамлекетибизди талкалоодон ошончолук эрте сактап калабыз. Анын бир жылы 5 жыл артка кетүү менен коштолууда.

ММК: Азыр сиз Орусиядагы атуулдарыбыздын Атамбаевди кетирүүгө аракет кылып жатышканын айттыңыз. Бакиевди кетирип Атамбаевди алып келүүдө деле ошол ФСБда иштеген генералдардын элегинен Атамбаев да өткөн. Ошондо эмнеге Атамбаевдин ушундай адам экенин көрүшкөн эмес? Алар мындай нерсени өтө дыкаттык менен текшерет эле го?

Бекболот Талгарбеков:  Ал учурда Атамбаев өзүнө окшогон Орусиядагы коррупционер кишилерди таап алган экен. Алар кыныгып алып колдоп келишкен. Ал эми биз эмнебизди беребиз? Эптеп көрүнгөндөн акча сурап, Москвага барып- келип жаттык. Мекендеш досторго «силерге берчү акчабыз жок» десек, “эч нерсеңердин кереги жок. Жөн гана Кыргызстандын акыбалына жүрөгүбүз ооруп жатат” дешет. Ошондуктан бирге күрөшкө чыктык. Биз ал досторду патриоттор деп жатабыз. Алар чындап мамлекет үчүн күйүп жатышат.

 

ММК: “Элдик парламенттин” артында ФСБнын генералдары менен экс-президент Аскар Акаев турат деп бийликти колдогон ММКлар божомолдоп жазып жатышат. Ал тургай Талгарбековго азыркы бийликти кетирүү үчүн 10 миллион доллар келиптир деп жазып чыгышты. Бүгүнкү күндө Ак үйдүн алдына 50 миң адам алып келебиз деген сөздөргө эл анчейин ишенбей жатышат? Ушунча адамды аянтка алып чыга аласыздарбы?

Бекболот Талгарбеков:  Атамбаев коомго өзүнүн жүзү каралыгын терең киргизген. Ошондуктан адамдар акча бербесе чыкпайт деген ойду карманып жатышат. Бизге келгендерге “Бир сом бере албайбыз. Бизди угуп колдоп чыксаңар өзүңөр чыккыла. Чыкпасаңар чыкпагыла!” десек «жабыла чыгабыз» деп жатышат. Атамбаевден тажап, чарчап бүтүшкөн да.

 

ММК: Журналисттерге ар кандай маалыматтар келет. Биз дагы нарындык жердештериңизден сураштырып көрдүк. “Талгарбеков айыл чарба министри болуп турганда алган мал сарайлары барбы? Шаарда дүкөндөрү барбы?” деп. “Эч нерсеси жок” деп жатышат. Бирок Атамбаев бийлиги сизди айыл чарбаны талкалаган адам катары КТР, ЭлТР, ММК беттеринен көрсөтүп жатышат. Эл сиз жүргүзгөн айыл чарба реформасынын жемишин татып жатабы?

— Мага да Атамбаевдин кошоматчылар армиясынан келип, “сиз жүргүзгөн реформаны кандай баалайсыз? Кандай мисал келтирип бере аласыз?”- дешти. Мен аларга “Эң мыкты баа менен баалайм. Мен 1993-жылы айыл чарба министрлигин жетектегенде колхоз башкармалары, совхоздун деректирлери менен биргеликте чыгымдарды эсептеп чыкканбыз. Колхоз-совхоздорду бир жылда өнүктүрүп эмес, жөн гана кармап туруш үчүн 16 миллиард рубль керек болгон. Ошондо Кыргызстандын киреше бөлүмү болгону 2 эле миллиард болчу. Мындайча айтканда 8 эсе көп болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин кирешебиз 100 миллиарддын тегерегинде болуп жатабы? Демек 8 эсе көп болгондо 800 миллиард сомду жылына колхоз-совхоздорду бакканга берип турушубуз керек эле. Анча акчаны бизге кимдер берип турмак? Муну элестете, түшүнө турган адам барбы? Же, “колхоз-совхоздорду сакташ керек эле!” дегендердин акыл-эстери ордундабы? Ал эми бүгүнкү эркин дыйкандар мамлекеттен бир сом албай, тескерисинче, салык төлөп, айыл өкмөттөрдү багып келе жатпайбы! Бул реформанын жемиши да” дедим. Атамбаевдин арамзалыгы ушунда. “Элдик парламентке 105 киши чогулду. Бирок ошол 105 кишинин ичинен жалгыз Талгарбековду каралайбыз деп жатканынын өзү арамзалыктын жеткен чеги. Маселени 105 киши көтөрүп жаткандан кийин “туура көтөрүп жатабы, туура эмеспи” деп угуш керек эле. Атамбаевдин айланасы баары ууру болуп бүтүшкөн. Ошондуктан биз Башкы прокуратурадан өзүнчө бөлүп, Тергөө комитетин түзөлү деген оюбуз бар. Тергөө комитети Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги шылуундардын катышы бар деген акыркы алты жылдагы кылмыш иштердин баарын карап чыгат. Бул жерде жүздөгөн кылмыш иштери ачылат. Ошондуктан жандалбастап жатышат.

ММК: Көп жыл унчукпай жүрүп, анан Талгарбековдун катуу чыгып жатканы анын президент болуу амбициясы дешет. Президент болоюн деген оюңуз барбы?

Бекболот Талгарбеков:  Коомдук пикир Атамбаевдин арамза көз караштарына көнүп калган. Ал бийликти басып алып, бийликти менчиктештирип алды.

“Дагы бирөө келип, бийликти басып алып, менчиктештирип алат го” деген өзүнүн оюн журналисттердин оозу менен айттырып жатат. “Элдик парламентте” 20 киши кеңештин мүчөлөрү болуп эсептелинет. Бизде лидер жана лидерлер деген түшүнүк жок, укуктары тең. Атамбаев отставкага кетээри менен өкмөт дагы отставкага кетет. Элдик парламент Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүүгө өтөбүз. Биздеги 20 кишиден бирөө көрсөтүлөт. Демек ал премьер-министр ошол эле убакта президенттин милдетин аткаруучу болот. Бизде буларга окшоп бийликти басып алып, ошол бойдон мыкчып олтуруп алуу ой жок. Шайлоолорду таза өткөрүү үчүн шарт түзүшүбүз керек. Президент болчу киши дагы шайлоо комиссиясына таасири жок болгудай шарт түзөбүз. Акчанын жарышы эмес, программалардын атаандашуусу болсун.

 

ММК: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин ким экендигин жөнөкөй жаран катары кандай баалайт элеңиз? Ушундай өлкөдөгү саясый, экономикалык кризиске алардын да салымы болсо керек?

Бекболот Талгарбеков:  Мен бийликте турган президент жөнүндө гана айтам. Бийликтен кеткен президенттер жөнүндө сөз кылбайм. Мисалы, мен Бакиевдерди сындагандардын алдыңкы саптарынын биринде болчумун. Бакиев кеткенден кийин анын дарегине бир дагы сын айткан жокмун. Кеткен президенттердин ишин кароо, талдоо деген тарыхчылар жана, эгерде кылмыш кылган болсо, тергөөчүлөрдүн иши. Саясатчылар артты карап алып тигиндей, мындай деген туура эмес. Ошондуктан, мен кеткен президенттерге эч кандай баа бере албайм. Аны эл, мезгил таразалап алсын. Менин принцибим ушундай. Бир жолу жаран катары айтышым мүмкүн. Андан нары эч качан кылчайбайм. Ал эми Атамбаев барган жеринде эле Акаев менен Бакиевди каралап, асыла берет, деңгээли ошол.

 

ММК: Кандай болгон күндө дагы Атамбаев деле эч нерсе жасаган жок деп айтуу туура болбой калат го. Мисалы Акаев, Бакиев президент болгон учурда алмак тургай Каримовго ошол суроону бере албаган баштагы бийликке караганда Атамбаев суу сактагыч, каналдарды ал тургай Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды Өзбекстандын менчигинен Кыргызстанга алды го. Бул чечкиндүүлүкпү же мамилени бузуунун кадамдарыбы?

Бекболот Талгарбеков:  Бул мамлекетке чоң сокку урду. Мен Жалал-Абадда губернатор болуп иштегем. Биздин эл менен Өзбекстандын эли бири-бири менен алака кылып жашап, биздикилер көбүрөөк утчу. Анткени биздин айылдар менчикке өтүп калган, аларда колхоз-совхоз. Алар бизге жер семирткичтерин, күйүүчү- майлоочу заттарын техника, тетиктерин түн ичинде алып келип таштап кетишчү. Мурда Акаевдин учурунда газдын миң кубун 42 доллардан сатып алчубуз. Ошонун 21 долларын анык берчүбүз, ал эми 21 долларына товар менен деп биздеги өтпөгөн товарларды айдап жиберчүбүз. Мындайча айтканда 21 долларга алчубуз. Атамбаев келген жылдары 245 доллардан алып жатпадыбы? Ошону менен мурда карыз жок болсо, 2014-жылы “Кыргызгаз” 40 миллион доллар карыз болуп калды. Бул деген Атамбаевдин өлкөгө опол тоодой чыккынчылыгы, кыянатчылыгы деп билем.

 

ММК: СССР кыйрагандан кийин өзүңүз деле чоң кызматтарда турдуңуз. Эмне үчүн ошондо эле Өзбекстандан эс алуу жайларын алып койгон жоксуздар?

Бекболот Талгарбеков:  Жакында мен Өзбекстандын эс алуучу жайларында иштеген адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Көрсө Атамбаевдин шериктери өздөрүнүн кишилерин жетекчи коюшуп, эс алуучу жайларды атайын банкроттук абалга алып келип, бир нече миллиондорго карыз кылып ташташыптыр. Өзбекстан андай карыздарды төлөгүсү келбейт да. Эми, Атамбаевдин шериктери ал эс алуу жайларды менчигине чыгарып алышат.

 

ММК: Ошол жерде Казакстандын деле эс алуучу жайларынын карыздары абдан көп. Эмнеге аларга ушундай мамиле жасай албай жатышат?

Бекболот Талгарбеков:   Атамбаев качса Казакстан, Өзбекстанга бара албайт. Орусия менен Түркия азыр өзүнүн эшигин жаап коюшту. Сауд Арабия менен Катар да баш тартты. Индия да кабыл албастыгын айтты. Атамбаев Казакстандан Каркыраны көтөрбөгөндүгү үчүн, экинчи эс алуучу жайларына тийбегендиги үчүн үмүт кылып турат. Эске салсак, Атамбаев оппозицияда жүргөндө «Назарбаевге чөгөлөп болсо да Каркыраны Кыргызстанга алам» деп ооз толтура көп айтчу да.

 

ММК: Мен башка президенттердей болуп качпайм, айылымда жашай берем деп жатпайбы?

Бекболот Талгарбеков:  Бул курулай мактануу. Эч качан өз айылында жашай албайт. Эгерде өз айылында жашайм десе Кыргызстандын армиясын курал- жарагы менен менчиктештирип кетиши керек. Жок дегенде Арашанда 50 миң аскер менен коргонуусу зарыл. Болбосо муну Каддафидей кылып өлтүрөбүз деп жатышат. Аттарын атабай эле коёюн. Кээ бир саясатчылар“силерге каршы күрөшөбүз, силер Атамбаевди качырып жибергенге мүмкүнчүлүк беребиз деп жатасыңар. Андан көрө жарым жыл күтөлү, анан кармап алабыз!” деп жатышат. Менин түшүнүгүмдө, президент Атамбаев учурда кайнаган вулкандын үстүндө олтурат. Эртеңки күндө эмне болоорун билбейт. Куру кыялдын туткуну. Реалдуулук менен иши жок.

 

ММК: Биздин эл ошондой даражага жетип калды деп ойлойсузбу?

Бекболот Талгарбеков:  Ошондой даражага жетип калыптыр. Тынбай каргап-шилеп жатышат. Далайларды сыздатып-боздоткондугу үчүн Америкага кетип калса да табабыз дегендер бар. Оппозиция Атамбаевди Каддафидей кылып өлтүрүп койсо бүткүл дүйнөгө жырткыч көрүнөбүз. Андай жолду биз колдобойбуз. Ошол эле Орусиядагы мекенчил достор айтып беришти.

 

ММК: Сиз маектериңизде да айтып жатасыз. Орусиянын генералдары менен пикирлешпиз дедиңиз. Бир кезде ак желегин көтөрүп, өз уруусун орустарга кошкон Боромбайга, андан кийин түштүк кыргыздарды кырууда орустар тарап болгон Шабдан баатырга салыштырып жатышат. Орусиянын алдына чөгөлөтүп бергенге кадам шилтеп жатат деп айтып жатышат?

Бекболот Талгарбеков:  Биз Орусиянын расмий бийлиги менен иштешкен жокпуз. Орусияда иштеп жүргөн, мурдагы мекендештерибиз менен иштешип жатабыз. Алар тажырыйбалуу болгондугу үчүн бизге кеңеш берип, коррупциялык схемаларды ачканга жардам берип жатышат. Биз «президенттик администрация, өкмөт же сот бийлиги менен иштешип жатабыз» дегенге акыбыз жок. Ал структуралар эмес, ошол жакта иштешкен кишилер коомдук негизде биз менен байланышып, жолугуп, жол көрсөтүп, көзүбүздү ачып жатат. Демек биз Орусиянын расмий структурасы менен иштешпегенден кийин кантип Кыргызстанды Орусияга чөгөлөтүп беребиз?

 

ММК: Чалгындоо кызматынын офицерлери пенсияга чыкканда да иштей берет деп коюшат. Балким орус бийлиги мурун иштеп кеткен адамдарын сиз аркылуу иштетип жаткандыр?

Бекболот Талгарбеков:  Биз алардын тазалыгына, пейилинин актыгына ишенип жатабыз. “Элдик парламентти” бийликке алып келсек, анан ГЭСтерди курууну же болбосо кендерди Орусияга бергиле деген сыяктуу шартты эч ким койгон жок.

 

ММК: Балким сиздер кызматка келгенде шарттарын коёттур? Балким алар өз саатын күтүп тургандыр деп ойлобойсузбу?

— Шартын койсо биринчи кезекте биз Кыргызстандын жараныбыз, патриотторубуз да. Бирок мен бир нерсени байкадым. Мисалы, Тажикстан менен Өзбекстан биздин мамлекет менен дайыма чек ара үчүн чырдашат. Атышуулардан адам өлүп, эл азап чегип жатат. Биздин орусиялык генералдар алардын президенттери менен сүйлөшүп, документ менен баарын тактап коюшуптур. Жакында чек ара маселелерин чечип алат экенбиз. Бул эмне, жаманбы? Мен Орусияга барып көп адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Кыргызстанга көп инвестиция алып келсе болот экен. Булар болсо, тескерисинче, биздин акчаларды Москвага кайра ташып жатыптыр.

 

ММК: Аскар Акаев өз маегинде “Камбар-Ата 1 таптакыр курулбайт” деп айткан экен. Анткени биздин жетекчилер берген кредиттерди уурдай берсе, жесе, алар деле таза адам келгенче жаптырып коёлу дешсе керек.

Бекболот Талгарбеков:  Орусиялыктар кыргыз бийлигинин “быссымылда” дегенде эле коррупциялык жол менен кеткенин көрүштү да. Ошондуктан алар каржылоону токтотуп коюшкан. Каржылоо токтоору менен Атамбаев: “булар бизди каржылай албайт” деп чыкты. Аныгында Орусия үчүн 2–3 миллиард доллар кеп деле эмес. Орточо компаниянын эле бюджети.

 

ММК: Демек сиздер бийликке келсеңиздер бүтө турган иш экен да?

Бекболот Талгарбеков:   Эгерде “Элдик парламент” бийликке келсе, ири ГЭСтерди куруу алдын ала коңшулар менен сүйлөшүлөт.

 

ММК: Коңшуларыбыз, мисалы Өзбекстан каршы болуп жатпайбы?

Бекболот Талгарбеков:   Коңшулар каршы болсо биз ага эч качан барбайбыз.

 

ММК: Мисалы Өзбекстан, Казакстан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын бизден сурабай эле жүргүзүп жатышпайбы. Биз эмне үчүн чечкиндүү кадамдарга бара албай жатабыз?

Бекболот Талгарбеков:  Көп мамлекетти аралаган суу бир мамлекеттин менчиги эмес. Бул боюнча эл аралык документтер бар. Башка мамлекеттердин макулдугусуз чечилбейт. Орусияга барып, досторго ыраазы болдум. Бизде альтеранативдүү энергия өндүргөнгө мүмкүнчүлүк көп экен.

Мисалы көмүрдөн электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар. Биз көмүр кенинин запасы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына киребиз. Өзбекстан менен каршылашып, “билгениңерди кылгыла!” дегенден көрө, альтернатива-энергетиканы өнүктүргөн оң. Алар менен экономикалык жактан байланышты жакшыртсак да утуш гана болмок.

 

ММК: СССР кезинде Өзбекстан менен байланыштырган темир жол бар эле. Жолдорду талкалап олтурбай, бат дагы жетмек. Ошол темир жол менен түштүккө бара турган жүргүнчүлөрдү, ар кандай жүктөрдү азыр Ош-Бишкек жолу менен ташып, жолду талкалап жатышат…

Бекболот Талгарбеков:   Атамбаев “Датка- Кемин” ЛЭПти “кылымдын курулушу болду. Өзбекстандан толугу менен көз карандысыздыктан чыктык” деп мактанды эле, көп кишилер ишенип, абдан кубанды. Бул негизи Максимдин проектиси болчу. Бул проект эгерде ири ГЭСтер курулса гана пайда алып келмек. Образдуу айтканда жайлоодон бир фляга сүт алат элек деп КАМАЗды жиберип ийгендей эле кеп. Энергетиктер менен сүйлөшсөм: ”качан гана ири ГЭСтер курулуп ишке кирсе, анда Датка- Кемин ЛЭП натыйжалуу иштейт” деп далилдеп беришти. Чынын айтканда, Атамбаевдин «кылым проектиси» чалажан проект болуп калыптыр.

 

ММК:  Атамбаев президент болгондон бери тышкы карыздар аябай өсүп кетти деп сындап жатышат…

Бекболот Талгарбеков:  Тышкы карызыбыз 2005-жылы 1 миллиард 350 миллион доллар болчу. 2010-жылы 2 миллиард доллар болгон. Азыр 3 миллиард 800 миллион доллар болду. Атамбаевдин кыргызга кылган кыянатчылыгы ушунда. Мурда биз карыздарды каржы институттарынан, Бүткүл дүйнөлүк банктан, Азия банкынан алчубуз. Алардын баардыгы 40 жылдык мөөнөт менен, 10 жылдык каникул, 0,7 пайыз менен берчү. Атамбаев болсо Кытайдан 3 пайыз менен 20 жылдык мөөнөткө алып жатат. Бул деген кылмыш, жарык дүйнөгө келген ар кыргызды карызга мойнунан байлап берип жатат. Кытайлар өздөрүнүн фирмасын алып келип иштетип жатышат. Мисалы, биринчи Ош-Бишкек жолун алалы. Анын 1 километри 250–300 миң доллар менен бүткөн экен. Азыркы салынып жаткан экинчи жол орточо эсеп менен 2,5 миллион болуп жатат. Мындайча айтканда кытай өкмөтү 800 миллион доллар берсе, алар болгону 300 миллион долларга куруп, 500 миллионду алып кетип, андан тышкары дагы өлкөбүздү карыз кылып, мойнубузга илип жатат. Азыр Бишкек ТЭЦи 386 миллион долларга оңдолду. Адистер болсо 70–80 миллионго эле реконструкция кылса болмок деп айтып жатышат. Эмнеге Кытай Атамбаевди урмат-сыйга бөлөп тосууда? Анткени анын элдин кызыкчылыгын ойлобогон, экономиканы түшүнбөгөн адам экенин сезип жатышат да. Кытай бийлиги Атамбаевди далыга таптап, кызыл килем менен бастырып коюп, ошол курулуштарда кытайларды иштетип, аларды жумуш менен камсыз кылып, берген акчаларын кайра алып кетишүүдө.

 

ММК:  Кан менен бийликке келген Атамбаев Талгарбеков кет десе эле кетип кала турган адам эмес деген да пикирлер бар. Силер элди аянтка алып чыксаңар, Атамбаевге берилген ички иштер министри күч колдонсо эмне болот деп ойлойсуз?

Бекболот Талгарбеков:  Биз кайрылууда жаздык. Атамбаев кан төгүүгө даярданып жатат. Себеби кан төгүп келген, кан төгүү ага көнүмүш иш. Ал жерде фамилиялардан бери жаздык. Абдил Сегизбаев, Мелис Турганбаев, , Тургунбек Кулмурзаевдер ошого түртүп жатышат. Булар “ителгилер”. Булар элди канга чылап болсо да бийликти сактаганга аргасыз. Анткени, Атамбаев кетээри менен үчөө тең камалып, узак жылдарга соттолуп кетиши мүмкүн. Ал эми Атамбаевдин башка жакын жан жөкөрлөрү — ​Туйгунаалы Абдраимов, Иса Өмүркулов, Икрамжан Илмиянов, Эркин Мамбеталиевдер — ​“көгүчкөндөр”. Алар “бийликти элге өткөрүп бериңиз” деп Атамбаевге жалынып-жалбарып жатышыптыр. Бирок Атамбаев “ителгилерди” угуп, кыргыз элине 2010-жылдагы апрель жана июнь айларындагы кан төгүп көнгөн адаты басымдуулук кылып, “кырам, согушам!” деп элирип, эч кимге моюн бербей жатканын чекисттери бизге айтып беришти. Биздин маалымат боюнча, Атамбаев эртең менен бийликти өткөрүп берейин дейт экен. Түштөн кийин “он-жыйырма миң кишини куралдандырып койдук. Өзгөчө топ бар, булардын баарын талкалайт. Чаңын асманга чыгарабыз!” десе Атамбаев шерденип калат экен. УКМКдан кызматкерлер бизге жан тартып маалыматтарды беришүүдө. Атамбаевге досу Азиз Батукаев да жардам бере турган болуптур.

 

ММК: Азыр бизде түндүк-түштүктү бириктирчү жаңы жол салына баштады. Ушул жолдун бизге кереги бар беле?

Бекболот Талгарбеков:  Мисалы мага 3–4 костюм керек, бирок акчам жетпей жатса бирөөнү тазалап кийип турбаймынбы? Ушундай эле иш. Ички жолдорду оңдосок, бай болсок, анда бул жол керек. Ички жолдордун баары талкаланып жатса, иштете албай жатсак, анан экинчи жол салып жатсак. Атамбаев “мени көрө албай жатышат” дейт. Адегенде ички жолдорду оңдоп бер, анан сала бер, Кудай жалгасын. Экинчи жолду он эсе кымбат, карызга салып жатканын Атамбаев элге ачык айтпайбы?

 

ММК: 25 жылда элдин психологиясы, көз карашы такыр өзгөрдү. Өзгөчө азыркы жаштар Чыңгыз Айтматовдой, Болот Миңжылкыевдей, Төлөмүш Океевдей атактуу адам эмес, коррупционер депутат болгусу келет. Ушул образды өзгөртүү үчүн аракет кылып жатасыздарбы?

Бекболот Талгарбеков:  Ошол образды өзгөртүү үчүн аракет кылып, ачык-айкын айтып жатабыз. Саясый партиялардай болуп күрөшкөн жокпуз. Бизге эч ким демөөрчү да болгон жок.

 

ММК: Бай менен кедейдин күрөшү болот экен да демек…

Бекболот Талгарбеков:  Бир топ миң жыл мурун улуу акылман Конфуций “Эгерде кедей өлкөдө жашап, бай болсоң акмакчылык, эгерде бай өлкөдө жашап кедей болсоң анда бул да акмакчылык” деп айткан. Демек, биздин байлар — ​акмактар. Кыргызда эч качан эпосунда, санжырасында, ооз эки чыгармасында, жомогунда байларын мактаган эмес. Шылдыңдашкан, мазакташкан. Кыргыздар баатырларын мактаган. Кыргыздар бир гана “тың жашагыла” деген. Бизди байлар башкарып калды. Ошондуктан элдин психологиясы бузулду. Бийликтеги байлардан, ууру-кескилерден арылтып, жакшы системаны түзөбүз.

 

ММК: Сиздердин «Кыргызстанды Атамбаевден кутултабыз” деген максатыңар жалпы элдик колдоого ээ болууда. Кетишине ишенсек болобу?

Бекболот Талгарбеков:  Атамбаев жана мансап — ​бул Кентаврдын башы жана тулкусундай эле жалгашып, биригип калган нерсе. Орусиядагы достордун айтымында, Атамбаев учурда аларга чыгып, “алгач Талгарбеков менен Колубаевди атып өлтүрүп, анан өзүмдү өзүм атам!” деп коркутуп жатыптыр. Ооба, Атамбаевдин психикасы ордунда эмес. Андай арамза, куйту адамдан түркүн айла-амал күтсө болот.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости