www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мынакей алтындарым, тургула, турагой! Уктап жатпагыла, карызды төлөгүлө. Атамбаевге рахмат! 6 жылда элди белине чейин карызга батырып, экономиканы талкалап кетти. Ал, "коркпой карыз ала бергиле, мен барда алып алгыла. Кийин бербей коюшу мүмкүн" деп айтты беле?, деп жазат Аскат Тейит өзүнүн Фейсбук баракчасына.

"Ошентип айткан алтындарым! Ошол алган карыздар максатсыз жумшалып, 2 миллиард доллар жол курууга салынган. Ал карыздар мурунку транспорт министри Калык Султановдун убагында кумга сиңге суудай уурдалган. Калык Султанов ошон үчүн Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайын салып берди. Эми мынтип кыргыз эли Атамбаев, Калык Султанов, Сапар Исаковдор уурдаган миллиардар үчүн көз каранды болгону турат. "Азаттык" жазган макаланы ээринбей окуп чыккыла. Анан түшүнөсүңөр. Атамбаев кыргыз элин отургузуп эмес, омурткасын сындырып кеткен", деп кошумчалаган. 

Эске сала кетсек, Азаттык сайты "Глобалдык өнүгүү" аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан.

Окумуштуулар ири суммадагы карыз сегиз өлкөнүн экономикасына кандай таасир этерин айтпаганы менен мурда-кийин болгон тажрыйбалардан улам баары бир эртеби же кечпи Кытай карызын доолап, аны төлөтүп алууда эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барбасын белгилешет, деп жазган. 

Ал эми экономиканын атасын тааныткан Акылбек Жапаров, "2027–2029-жылдары карыздарды төлөө күчөй баштайт. Буга чейин көп эле насыялардын пайыздык үстөгүн төлөп келгенбиз. Эми насыянын өзүн төлөй баштайбыз. Кытайдын насыяларына 6 жылдык гана жеңилдик берилген. Алар да ушул жылы келип кошулат. Өзүбүздүн ички кирешебизди көбөйтүшүбүз керек. Биз болсо эки ача жолго туруп алдык", деген маегин "Жаңы ОРДО" гезитине берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости