www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Алматы шаарында Казакстан жазуучуларынын XV курултайы болуп өттү. Ага казактын менмин деген жазуучулары катышып, Жазуучулар төрагалыгына Улугбек Эсдөөлөт төрага болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты Нур.кз жазып чыкты.
Казакстандын ар кайсы шаар-айылдарынан келген акын-жазуучуларынын баш кошуу жыйыны ызы-чуусуз өтпөй койгон жок...Кызыгы, акын-жазуучулар ал тургай сахнага чыгып кетип, бири-бири менен кызыл чеке болуп, жакасын айрыгандар да болгон. Баарынан кызыгы, Казакстандын белгилүү акыны Мухтар Шаханов менен жазуучу Нурлан Оразалин айтыша кеткен.
Курултайда сөз алып сүйлөгөн Шаханов, калемгерлерге карата, ырын окуп жатып, жазуучу Орозалинди “Корозалин” деп атаган. Бул тууралуу Qamshy.kz маалымат сайты жазып чыкты.
"Оразалин улуттук идеологияга келгенде Коразалин болду. Ал бийликтеги башчылардын туфлисин чебердик менен жалады. Мунун эмгеги ушул. Бул азыркы заманда эң чоң өнөр", - деген Мухтар Шаханов.
Эл-журттун алдында акын Нурлан Орозалин Мухтар Шахановго, "Жыйналышка келбей сырттан тон бычып, улуулук менен ооруган адамдардын колунан келе турган нерсе ушул. Уйкаштырып айтканды менда сизге айтайын. Мага эки-үч жыл мурун “Шаханов-Шакалов” деген кат келди. Сиздер элди сыйлаңыздар. Менин акем, атам жана менин талантым менен эч кандай ишиңиздер болбосун. Ушул менин эки агама берген жообум”, - деген.
Булак: NazarNews.kg