www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Иттин өлүгү кайсы жерге көмүлгөн”, “Кара мышык ортосун аралап кетти”,”Баланчанын кейпин кийип калбас бекен”- деген өңдүү укмуш кептерди дарбыткандар деги эмненин ичинен чыгар экен деп кеткен, эми тактыда отурган ажолордун тагдырына “күйүмүш” эткенин кеңкелестер эле билбей калбаса, мээси ордундагылар абдан сонун түшүнүп турган кези. Ортого шынаа кагуу боюнча мелдеш уюштурулса ошол дене бойду “үркүткөн” токуучулардын жеңүүчүлөрү аныкталмак. Тилекке каршы андай сынактар биздин “үйүрдө” эч убакта өткөрүлүүсү мүмкүн эмес. Демек, ар ким өзүнүн “имиджине” жараша баага татыйт. Ошондой “өзгөчө” түргө салып окуяны шөөкөттөгөндөрдүн деле “күйөрмандары” сөзсүз бар. Болбосо делбелектеп, далдалактап бирдемкени токушпайт эле да?
Акыбалды алыстан баамдап турган Аскат Тейит деген “тайманбас” жазмакер бар. Ошол киши ар качан калемин курчутуп, шишке сайчу “каармандарына” сес көрсөтүп коюуга куштар. Антпесе колунун кычуусу канбай, “опол тоолорунун” деми суубай калмак. Ошол үчүн жазда,күздө жалындуу “фразалары” аркылуу ашказандын талабын кандырат. Анын үстүнө кимдер аркылуу “патриоттук” сезими ойгонуп кетерин өзү жазгырбай сезүүгө кудурети жетет.
Эгерде ушул жазмакерге окшоп ар бири кожоюнга “ак кызматын” кылса давно жыргал турмушка жетип калмакпыз. Аттиң, өзгөрүлмө, жазгырылма өңдөр арбып кетип жатканынан ушинтип сормо сазга кептелип калбадыкпы. Дегинкисинде дагы далай иттер көмүлөт, кара мышыктар ортого кыпчылат, көк келемиштер жөргөлөйт, адалдар арамга айланат. Бул жашоодо тирешүүлөр, элдешүүлөр, эрегиштер, азгырмайлар тыйылбайт. Тирүүчүлүктүн табияты негизи ушундай экен...
Жора Сулайманов, “Ачык сөз”