www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы Бишкек-Ош жолунун жүргүнчүлөрү айрыкча кыш мезгилинде, ала-шалбырт маалда катуу кыйналып калышаары жалпыга маалым. Өткөндгү үч күндүк азаптын болушу да бекеринен эмес. Нечендеген жол кырсыктары да ушул багытта бараткандарды тооруп алганын көрбөдүк,укпадык деп айталбайбыз. Өкүнүчтүүсү- адам өмүрүнүн кырсыктарда жалп өчкөнүндө. Миңдеген адамдар жаш-карысына карабай мерт кетишти. Кээ бирөөлөр өмүр боюу майыптыкка кабылышты. Айтор, жол азабынын бүгүн,эртең бүтүп калышына эч ким кепилдикке өтө албайт. Анткени жолго чыгууга мажбур болуп жатпайлыбы.
Эми сөздүн маңыздуу жерине токтололу. Чынында эле элибизге түндүк-түштүк жолу керек болуп турганын кырдаал өзү тастыктап койду. Эгерде ошол стратегиялык мааниси бар жолду эрте бүткөрүп ишке киргизсек, биринчиден жылдын төрт мезгилинде камырабай сапар алууга шарт түзүлөт.Экинчиден, убакытка уткурбай жүргүнчүлөрдүн мелжеген жерге жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берилөт. Жалгыз жолду ай караган текедей болуп карабай каларыбызга ушул жолдун бүткөрүлүшү себепкер болот. Ошондуктан азыркы өкмөттүн башчылары башталган ишти аягына чыгарууга тикесинен тик турууга милдеттүү. Ошондо республиканын эли сапарын байсалдуу улоого жакшы жагдай ачылат. Негизи ушуга окшогон абдан маанилүү иштерге каражатты аябаш кажет. Болбогон бир көйгөйлөргө миллиондогон долларды жумшамыш эткендин акыры үймөлөктөшүп чыкканы эмненин “үзүрү”. Ошол үчүн тендер деген “жылжытма” долбоорлорду адилеттик менен жүргүзүү мезгилдин өктөм чарбасына айланышы зарыл. Болбосо элдин көзүн будамайлаган “сүйрүприздер” үстүгө калкып чыга берет. Жолду ишке салуучу тармактын жетекчилери тез арада токтоп турган ишти колго алуусу керек. Элдин жашоосуна шарт түзүп берүү маселеси алдыңкы орунду ээлеши учур талабы.
Булак: “Ачык сөз”